Украинанын чыгышында референдум өткөрүлбөйт

64064
Украинанын чыгышында референдум өткөрүлбөйт

Яценюк Путиндин референдумга байланыштуу чакырыгына каршылык көрсөттү.
Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын чыгышындагы азчылыктарга 11-майда пландалган референдумду кечеңдетүү чакырыгына байланыштуу 11-майда Украинада кандайдыр бир референдумдун өткөрүлүүсүнүн пландалбаганын айтты.
Яценюк Москвада Укриана маселесинин Украина, Европа Биримдиги жана АКШ болбостон сүйлөшүлгөнүнө таң калганын сөз кылып, Женевадагы алгачкы сүйлөшүүлөрдүн ушундай түрдө өткөрүлгөнүн жана Орусиянын бул келишимдин шарттарын орундатууну четке какканын айтты.
Яценюк Путиндин Украинадагы бардык куралчан топторду артка чакырып, кол салгычтарды айыптоого, куралдарын таштоого, имараттардан чыгууга жана өкмөткө багынып берүүгө аргасыз кылууга чакырды.
Швейцария конфедерациясы менен Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмунун кезектешкен төрагасы Дидье Буркхальтерге Москва сапарынан мурда тышкы иштер министр Андрей Дещицанын даярдаган жол картасын сунуштагандарын эске салган Яценюк: «Бул жол картасынын кризисти чечүү үчүн негизги пайдубал болоорун ойлоодомун»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар