Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстанга расмий сапар менен барды (Видео)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Казакстанга барып Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту.

Кыргыз - казак алакасы бекемделет. Астанадагы иш сапарында президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев эки тараптуу биргелешкен долбоорлорду, кызматташтыктын келечегин талкуулап, бир катар документтерге кол коюшту.