Тиллерсон көптөгөн минута жалгыз күттү

Ливандын мамлекет башчысы менен жолугушуу үчүн президенттик сарайга барган Рекс Тиллерсон бул жерде көптөгөн минута күткөнгө мажбур болду. Мамлекет башчысы Мишель Авн менен жолугушуу үчүн Бейруттагы Баабда сарайына барган Тиллерсон ливандык кесиптеши тарабынан тосулуп алынган жок. Андан кийин жолугушуу боло турган бөлмөгө өткөн Тиллерсондун бул жолу столуна суунун да коюлбагандыгы көңүлдөрдү бурду. АКШлык министр бул жерде бир канча убакыт мамлекет башчысы Авнды күттү. Ливандын мамлекет башчысы кечигүү менен келип жолугушуу башталды.


Этикеткалар: