Кулатылган премьер-министр Имран Хандын тарапкерлери менен Пакистан полициясы кагылышты

Расмий өкүлдөрдүн жана күбөлөрдүн айтымында, Пакистан полициясы жаңы шайлоо өткөрүү талабы менен баш калаа Исламабадга келүүгө аракет кылган мурдагы премьер-министр Имран Хандын жактоочуларына каршы көздөн жаш агызуучу газ жана таяктарды колдонуп, алардын көбүн камакка алган.