2018-жылдагы шайлоолор: Ырааттуулук жана Президенттик башкаруу системасы уланат

Глобалдык перспектива-26

1000731
2018-жылдагы шайлоолор: Ырааттуулук жана Президенттик башкаруу системасы уланат

2018-жылдагы шайлоолор: Ырааттуулук жана Президенттик башкаруу системасы уланат

Түркия 32-чакырылыштагы парламенттик жана алгачкы президенттик башкаруу үчүн шайлоолорун өткөрдү. Бул ирет дагы абдан ылдам жарыяланган шайлоо жыйынтыктарына караганда 52,5 пайыздык добушка ээ болгон АК партиянын жетекчиси жана президент Режеп Таййип Эрдоган, 2-турга калбастан, президенттик системанын алгачкы президенти болду. Андан кийин 30,6 пайыздык добушка ээ болгон Жумурият элдик партиясынын талапкери Мухаррем Инже орун алды. АК партия 2002-жылдан кийин (кайталанган 2015-жылдын июнь айындагы шайлоонун тышында) алгач ирет Парламентте көпчүлүккө жетише алган жок.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Абдан ачык, так жана атаандашчыл чөйрөдө, толук демократия шаан-шөкөтү түрүндө өткөн Түркиянын алгачкы президенттик башкаруу системасына карай шайлоолору тууралуу алгачкы байкоолорго төмөнкүдөй мазмун чыгара алабыз.

Рекорддук катышуу: Орто эсеп менен 60 миллион шайлоочунун 87,5 пайызы шайлоого катышты. Бул катыш ачык, так жана атаандашчыл шайлоолор өткөрүлгөн Түркия жана өзгөчө дүйнө өлкөлөрү жагынан рекорддук катышуу катары каралса болот.  Ушунчалык жогорку катышуу деңгээли Түркиянын 1867-жылы башталган демократия кадамынын күчтүү түрдө тамыр жайганынын ачык белгиси. Социалдык медиа тармагында да айтылганы сыяктуу, «Батыштык өлкөлөрдө үкөк бар, жетиштүү түрдө шайлоочу жок жана Чыгыш өлкөлөрүндө шайлоочу бар үкөк жок болуп турганда» Түркияда үкөктүн дагы шайлоочунун дагы бир убакта бар болушу демократиябыздын келечеги жагынан абдан үмүттөндүрөт.

Саясий ырааттуулук уланат: АК партия 2002-жылдан бери 5-жолу удаама-удаа шайлоолорду жеңген абалда. Түрк саясий турмушунда мындай ийгилик болуп көргөн эмес. Демократиялык атаандаштык болгон өлкөлөрдө удаама-удаа 5 жолу шайлоону жеңип чыгуу теңдеши жок көрүнүш. Бийликте болуунун чаалыктыруучулугу да эске алынганда, АК партиянын шайлоолорду кайра жеңип чыгуусу, шайлоочунун жалпысынын ыраазычылыгынын жана саясий ырааттуулуктун уланышына карата колдоосунун көрсөткүчү болуп саналат. Оппозиция айткан сындоо жана коркуулар менен популисттик айтымдар шайлоочуда жетиштүү түрдө жооп таба алган жок.

Президенттик башкаруу системасына дагы бир жолу «макул»: Оппозициядагы партияларды жана алар бириккен «Миллет» өнөктөштүгү шайлоодон мурда жеңип чыгышса Парламенттик системага кайта тургандарын ачык түрдө убада кылышты. Ошондуктан бул шайлоолор 2017-жылы кабыл алынган Президенттик системасына кайрадан добуш берүү түрүндө каралса болот. Мурдагы референдумда Президенттик системасы 51,4 пайыз менен кабыл алынган. Президент Режеп Таййип Эрдогандын дагы да арттырып алган 52,5 пайыздык добушу, шайлоочу тарабынан Президенттик системанын дагы бир жолу кабыл алынышы түрүндө сереп салынса болот.

Партиялардын арасындагы өтүүлөр: Шайлоо жыйынтыктары дээрлик бардык партиялардын арасында белгилүү катышта өтүүчүлүк бар экенин ортого салууда. АК партиядан Улуттук кыймыл партиясына (МХП), Жумурият элдик партиясынан (ЖХП) Ийи партияга жана ХДПга карай добуштардын ооп кетиши алгачкы кароодо эле көзгө урунат. Президент Эрдоган, салтка айланган балкондогу сөз сүйлөөсүндө АК партиядагы төмөндөөнү байкагандарын жана эмнелер керек болсо жасала турганын эмитеден жар салды. Эрдоган жана Инженин партиялардан дагы көп добуш алуусу болсо, бул лидерлердин да башка партиялардан добуш алгандарынын көрсөткүчү болуп саналат. Ушул жагынан алганда Эрдогандын күрттөрдөн да белгилүү катышта колдоо көргөнүн айтуу абзел.

Шайлоочунун партия тандоолорун өзгөртө ала тургандарын көрсөтүшү иштеп жаткан демократия жагынан негизи эле туура көрүнүш. Партиялардын ортосундагы өтүүлөр саясий партияларды шайлоочу тандоолорунда аларды дагы көп эске алууга мажбурлайт.

Парламенттеги жогорку өкүлдүк катышы: 10 пайыздык чек коюу системасынын себебинен Түркияда шайлоочунун белгилүү бир бөлүгүнүн эрки Парламентте чагылдырылбай жаттты. Акыркы шайлоолордо мыйзамдуу абалга келтирилген өнөктөштүк системасы менен Түркия тарыхында окшошу аз кездешкен 8 партия, же өздөрү көрсөткөн талапкерлери менен же болбосо түзгөн өнөктөштүктүн ичинде көрсөткөн талапкерлери менен Парламентке кирген болду. Бул партиялар Ак партия, ЖХП, МХП, ХДП, ИЙИ партия, ВВР, Саадет партиясы жана Деморкат партия болуп эсептелет. 1950-жылдан кийинки көп партиялуу саясий жашообузда бир гана 1969-жылдагы шайлоолордо 8 партия Парламентке кире алган.

Жаңы системанын макулдаштыруучу таасири: Өткөн аптадагы макаламда, Түркиянын жаңы системасынын макулдаштыруучу таасирине, бир гана өз шайлоочусуна кайрылган системаны артка калтырганына токтолгонбуз. Шайлоо өнөктүгү убагында жана андан кийинкисинде шайлана алыш үчүн 50+1 пайыздын таасири оңой эле көрүнсө болот. Президенттин 50+1 пайыз менен шайлана турган болушу, Түркияны дагы көп нормалдашууга, саясий партияларды бир гана өз шайлоочусун эмес, башкача коомчулук катмарларын дагы көп эске алууга мажбурлоодо. Ушундайча өлкө дагы көп демократиялашат жана эркин болот. Бул абал болсо ички тынчтыкка дагы көп кызмат кылат.

Глобалдык актерлордун менменсинген/буйрук берүүчү мамилелерине кайдыгерлик: Мурдагы шайлоолордо болгону сыяктуу батыштык айрым өлкөлөр, глобалдык фирмалар, медиа органдары Түркиянын шайлоолоруна болуп көрбөгөндөй кийлигишишти. АК партияга каршы коркутуучу,айыптоочу сүйлөмдөрдү колдонушту. Мурдагы шайлоолордо болгону сыяктуу шайлоочу дагы бир жолу тандоосун глобалдык актерлордун күткөнүндөй жасаган жок. Ушундай эле абалды чет өлкөдө берилген добуштардан да көрүп турабыз. Айрым батыштык өлкөлөрдүн саясий укуктарына тыюу салынган, ой-пикирин айтуу жана жыйналыш өткөрүү эркиндигин тебелеген жана өлкөлөрүндөгү түрктөрдү ачык эле коркуткан мамилелерине карабастан, чет өлкөдөгү шайлоочулар кайрадан рекорддук деңгээлде шайлоого барышты. Тандоосун бул өлкөлөрдүн күтүүсү багытында эмес, өз тандоолору багытында чоң өлчөмдө АК партияга колдоо көрсөтүп көргөздү. Шайлоочулардын глобалдык кысым көрсөтүүлөргө карата эмес, өз тандоолоруна жараша добуш берүүлөрү тийиштүү өлкөлөр үчүн дагы, улуттардын тандоолорун урматтаган глобалдык актерлор үчүн дагы, дүйнөлүк тынчтык үчүн дагы шексиз абдан баалуу.

Түркия 2000-жылдардан кийин киши башына эсептелген улуттук кирешесин 2000 доллардан 10000 долларга жеткирди. Эркиндик жана демократия чегин жогорулатты. Сирия, Ирак, Иран, Греция, Ливия, Израиль, Украина, Грузия сыяктуу коңшусу болуп саналган өлкөлөрдөгү терс абалдарга карабастан, тынчтык, ынтымак жана үмүт аралчасы катары кала берди. ФЕТӨ жана башка төңкөрүш аракеттерин четке кага алды. 2017-жылы ишке ашырган референдум жана бул дем алыштагы шайлоо аркылуу орто эсеп менен 150 жылдык демократия тарыхында абдан түптүү өзгөрүүнү жасап, президенттик башкаруу системасына өттү. Түркия негизинен булардын бардыгын демократиялык саясий система аркылуу ишке ашыра алды. Эркин, ачык, так жана атаандашчыл шайлоолор менен улутунан күчтүү саясий жана коомдук мыйзамдуулукту топтогон саясий бийликке ээ болбогондо ушул демократиялык өзгөрүүлөрдүн жана айлануулардын бардыгын ишке ашыра алмак эмес. Түркия ишке ашырган бул ийгиликтер менен бир гана өлкөсүнүн эмес, аймагынын жана батыштык өлкөлөрдүн да абдан маанилүү өлчөмдө жүгүн көтөрүүдө. Батыштык өлкөлөр үч качкын үчүн санааркап жатканда, Түркия 3,5 миллион баш калкалоочуну багып жатат. Түркиядагы демократиянын жана ырааттуулуктун баасы ар ким тарабынан жакшы билиниши зарыл.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.

 



Тектеш кабарлар