Күн тартиби-52

Таяктын башындагы бычак

876995
Күн тартиби-52

   

            Адам баласынын  узун таяктардын башына байланган учтукуй таштар менен  башталган согушуу ыкмасы жана технологиясын өнүктүрүү жол тартуусу дагы деле башты айланткан ылдамдык менен уланууда.

Кылычтан кичирээк канжардан чоңураак курч кесүүчү шаймандын таяктын башына байланышы менен адам баласы согуш искусствосунда  төңкөрүш жаратты. Анткени аң уулоо учурунда кыска шаймандар адамдан дагы күчтүү жырткыч жаныбарларга күчү жетпей калчу ар убакта...

Адамдар, эң эски бирок укмуш жыйынтык берген бул ыкманы дагы деле колдонууда. Албетте бул ыкма мазмуну жагынан айрым кошумчалар кошулуп олтуруп ар бир мезгилде функциясын  уланткан.

Алгачкы убактарда калың жана бышык таяктардын башына бир гана эки кыры жана учу учтукуй абалга келтирилген металл колдонулса, учурубузда адамдар да бул максат менен колдонулууда.

АКШнын президенти Трамптын Улуттук коопсуздук стратегиясын жарыялаган күнгө чейин кылган саясаттары тилекке каршы бул аныктоого аябай окшойт.

Трамп бийлиги баш болгон Азия-Тынч океандан тартып дүйнө жүзүнүн аркы учу Түндүк Европага чейин аягы баскан бардык жерди согушка, кризиске айландырууда. Таяктын башындагы  бычак аныктамасы бир саясатчыга ушунчалык төп келеби?

 Трамп, шайлоо үгүттөөсүндө көйгөйлүү аймактарда уюмдар же туундулары менен эмес, түздөн-түз мамлекеттер менен байланыш кура турганын жана дүйнөдө болуп жаткан хаостун токтотулушуна жардам берээрин убада кылган. Анын үстүнө Трамп, болуп жаткан хаостун булагынын да өзүнөн мурдагы АКШнын президенти Обаманыкы экенин бир канча ирет айткан эле. Ал эмес ДЕАШ террор уюмунун Обама бийлиги тарабынан курулганын да айтып чыккан.

АКШнын президенти Трамптын таяктын башындагы бычак мисалындай тийишкен же багытталган ар бир жерди жаралап таштаганын, чынын айтсак биз журналисттер жана саясий аналисттер жеке бир кишинин кыймылы сыяктуу караганбыз.

Мындайча айтканда Трамптын жеке кишилик саясаты түрүндө карап, Америка мамлекети тууралуу эместиги боюнча сереп салып жаттык.

Тилекке каршы АКШнын президенти Трамптын  өткөн күндөрдө жарыяланган Улуттук коопсуздук стратегиясында өзүнүн өкмөтүнүн жана АКШнын таяктын башындагы бычак экенин ачыкка чыгарган абалда.

Трамп жарыялаган Улуттук коопсуздук стратегиясынын менин оюмча эң көңүлдү бурган сүйлөмү бул эле; «Улуттук коопсуздук стратегиясы кабинетимдин толук бекитүүсүн камтыйт». Мындайча айтканда АКШ өкмөтү жана мамлекеттик машинасы кол кармашып дүйнөдөгү хаосту күүлөгөн саясаттардын жактоочусу жана ишке ашыруучусу болот. Бул жагынан алып карасак, бул жыйынтыкка оңой эле барабыз. АКШнын улуттук коопсуздук маселеси эң биринчи өзүнүн ичинде жатат. Бул түшүнүк АКШга катуу дубалды сүздүрөт.  

Анткени эч бир өлкөдө ушунчалык мамлекет жана өкмөт өнөктөшү менен жапырт дүйнөгө каршы фронт ачуу долбоорлонгон эмес. Ал тургай нацисттик Германиясында дагы бир топ саясатчы жана илимпоз Адольф Гитлерге каршы чыккан эмес. Ал эмес бүгүнкү күндө окшош  өкмөттү көздөй багыт алган Австрияда дагы мамлекет жана бюрократия, ашкере оңчул коалициянын саясаттарын четке кагууда.

Мисал үчүн Австрия мамлекеттик машинасы жаңы президент жана нацисттик симпатиясы менен күнөөлөнгөн Себастьян Курцтун ЕБнин саясаттары тууралуу билдирүүлөрүнө бир канча кошумча жасап, Батыш дүйнөсүнөн бөлүнбөй турганынын белгисин берди. Австрия мамлекеттик машинасы, мындайча айтканда бюрократиясы, Курцтун ашкере улутчул, четке кагуучу саясаттарын мүмкүн болушунча өгөөлөгөнүн көрүүдөбүз.

Тилекке каршы АКШда мындай бюрократияга кездеше албай жатабыз. ЦРУдан АКШнын Адилет министрлигине чейин, Коргоо министрлигинен Улуттук коопсуздук агенттигине, Коргресске чейин Американын мамлекеттик машинасы, Трамптын бул коопсуздук стратегиясын колдойт. Ал эмес айрым мамлекеттик мекемелердин Трампты да артка калтыра турганчалык ченемсиз болуп кеткенин бүткүл дүйнө байкоодо.

Чындыгында ушул убакка дейре көнүмүшкө айланган АКШда Конгресс, Сенат, бюрократтар жана Ак үй, бардыгы тең бири-бирин тең салмактаган, дүйнө жүзүнүн таразасын бузбаган саясаттарды иштеп чыкчу. Мындайча айтканда ар бир мекеме, башкасынын ченемсиз иш-аракеттерин өгөөлөгөн саясаттарды өнүктүрчү жана дүйнөлүк тынчтыктын уландысына салым кошууга аракет кылчу.

Бүгүнкү күндө АКШнын негизги мекемелери болгон өкмөт, Конгресс, Сенат, бюрократия жана Ак үйдү дүйнө жүзүнүн ушунчалык тынчын ала тургандай программанын айланасына ким чогултту?

АКШнын жарыялаган Улуттук коопсуздук стратегиясынын ошол апаатка толгон стратегия мазмунунан мурда, «ким же кайсы күч борбору бүтүндөй Американын мамлекеттик мекеме жана системасын таяктын башындагы бычакка айлантты?»-суроосуна жооп табышыбыз керек...



Тектеш кабарлар