Күн тартиби - 30

Ибрахим Калын - козголоң кыймылынан бир жылдан кийин Түркия дагы да күчтүү абалга келди.

779004
Күн тартиби  - 30

Түркия армиясынын ичине уя салган Гүленчилер кандуу  козголоң баштаган ал түндөн бери бир жыл өттү. Кырк жылдан ашуун убакыттан бери пландап келген козголоң кыймылы  24 саат деген кыска убакытта улуттун күчтүү эрки менен токтотулду.

Миллиондогон түрк жараны өткөн жылы жайда ийгиликсиз болгон козголоң кыймылы жана 250 күнөөсүз киши козголоңчулар тарабынан өлтүрүлүп, 2 миңден ашуун кишинин да жараланышын эске салды. Үй  - бүлөлөр балдарына аскердик козголоңдун эмне экендигин жана түрк армиясынын формасын кийген куралдуу кишилердин негизинен коргоосу керек болгон кишилерге эмне себептен ок аткандыгын түшүндүрүшүп, ал күндү эскеришти. Улуттун  биримдиктүү болуп бул аскердик кыймылды жеңүүсү биз үчүн сыймыктын булагы болду. Саясий көз караш, жынысы же статусу эмне болсо болсун түрк улуту өткөн 12 айдын ичинде демократиясына, эркиндигине жана көз карандысыздыгына каршы жасалган козголоңдон кийин кайрадан бутуна туруп дастан жазды.

Өкмөт өзгөчө кырдаалды жарыялап жана коомдук мекемелерде иштеген ФЕТӨ мүчөлөрүн жумуштан чыгарып бул террористтердин пландарын ишке ашыруу жана финансылоо үчүн көптөгөн жыдар колдонгон кызмат күчүнөн жана коомдук иштерден чыгарды. Бир НАТО союздашы катары армиянын ичиндеги козголоңчуларды камоонун Түркиянын бир коопсуздук коркунучу менен бетме  - бет келери тууралуу айтылган бардык ойлордун толугу менен чындык тышы экендиги далилденди. Тескерисинче түрк армиясы жана полициясы гүленчилер жараткан вирустан толугу менен тазаланып жана болушу керек болгондой улутка жана өлкөгө кызмат кылууда. Козголоң кыймылынан алты жумадан кийин түрк армиясы биздин аракеттерибиз менен Евфрат калканы операциясын аткарды жана Сириянын Түндүгүндөгү ДЕАШ террористтерине чоң сокку урду. Ошол эле учурда Түркия ПКК жана башка террордук уюмдарына каршы маанилүү кадам таштады. Ошол эле учурда түрк экономикасы козголоң кыймылынын  тескери толкундарынан ылдам түрдө кутулуп 2017 -  жылдын биринчи чейрегинде 5 пайыздык экономикалык өсүүгө жетишти. Биржа Стамбул 100 индекси январь айынан бери 30 пайыздык баа менен рекордго жетишти жана инвесторлорду сыйлады. Ошол эле учурда Стамбулда дүйнөнүн эң чоң аэропортун курду жана Чанаккаледе континенттер аралык көпүрөнүн курулушу да болуп мега проектилер улантылууда. Козголоң  кыймылы болгон түнү Орто Азиядан Түштүк Америкага, Индонезиядан Африкага миллиарддаган мусулман боордошторубуз Түркиянын жанында экендигин жана Түркиянын тынчтыгы үчүн дуа кылышты. Негизинен козголоң кыймылынан кийин ислам дүйнөсүндөгү көптөгөн басма сөз мекемеси жана сансыз мусулман лидер Түркиянын жактоочусу экендигин ачык түрдө билдиришти. Миллиондогон киши түрк улуту менен болгон достугун көрсөтүү үчүн аянттарга чыгышты. Мечиттерде дуа кылышты. Бирок батыштык өлкөлөрдүн бул абалга үн катпашы ойлондуруучу нерсе болду.

Түркия өткөн жылы жай мезгилинде болгон козголоң кыймылынан бери тайманбас кадамдарды таштады. Кээ бир Европа өлкөлөрүнүн козголоңчуларга жана кызматташтык түзгөндөргө баш калкалоо укугун бергендигине байланыштуу  араздашууларга себеп болсо да Түркия менен  Европа Биримдигине мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн жандандыруу  үчүн диалог ичине кирүүгө аракет кылууда.  Женева жана Астана процесстери менен бирге Түркия Сириядагы  өлүмчүл согушту чектөө жана жүз миңдеген кишинин өмүрүн алган кагылышууларга саясий бир чечүүчү жол табуу үчүн маанилүү ролду алды. Түркия Африка, Жакынкы Чыгыш, Азия жана Латын Америкадагы тышкы саясат максаттарын түрдөнтүүгө жана кеңейтүүнү улантууда.

Түркия чет өлкөлүк инвесторлор жана чет элдик өкмөттөр үчүн достор жана союздаштарды таап бири бирине пайда алып келе турган проектилер тууралуу иштей ала турган  өлкө болууну улантат. Бирок бүткүл дүйнө кабыл алышы керек Түркиянын ФЕТӨнүн башкаруу кадры да болуп бардык козголоңчуларды адилеттикке тапшыруу аракеттери талкууга жабык. Жооптуулар укуктун үстөмдүгү принцибине баш ийип, мыйзамдын чегинде соттолот.

Эске сала кете турган нерсе Гүленчи козголоң кыймылы  басып алуу кыймылы. Басып алынган бир гана адамдардын турмушу жана мамлекеттик мекемелер эле эмес, ошол эле учурда адилеттүү дүйнөнү көрүүнү каалаган он миллиондогон киши үчүн үмүт жарыгы болгон Анадолу  калкынын жүрөгү менен аң  - сезими. Гүленчилерди жашатып жаткан жана алардын кыянаттык кыймылдарын актоого аракет кылгандар асыл адамдарды жана өлкөнү жоготуу коркунучу астында турат. 



Тектеш кабарлар