Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 20

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ТРТ тарабынан тартылган жана берилген «Дирилиш Эртугрул» сериалын мактады.

743601
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 20

Сүйүктүү окурмандар, «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программабызга кош келдиңиздер. Бул жумадагы биринчи кабарыбыз Казакстандан.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ТРТ тарабынан тартылган жана берилген «Дирилиш Эртугрул» сериалын мактады.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казакча тарыхый фильмдерде да биримдикти билдире турган образдарга орун берилишин каалады.

Сериалдагы ислам ойчулу жана акын Ибн Араби образынан сөз кылган Назарбаев казакча тартылган фильмдерде да ушундай ролдорго орун берилишин сунуш кылды.

Нурсултан Назарбаев 2016 -  жылы сентябрь айында Казакстанда көрсөтүүгө кирген жана көрүүчүлөрдүн купулуна толгон «Энеге алып барган жол» фильминин режиссеру жана продюссери Актан Сатаевди кабыл алды.

Казакстан кино секторуна баа берген Назарбаев казак улутунун пайда болушун таанытууда кинонун маанисинин абдан чоң болгондугун белгиледи. Режиссер Актан Сатаевден Сака ханышасы Томристин турмушу боюнча тартыла турган тарыхый фильм тууралуу маалымат алган Назарбаев  сөздү ТРТ тарабынан тартылган рейтинг рекордуна жеткен сериал «Дирилиш Эртугрулга» алып келди. Назарбаев сериалдагы Ибн Араби образынан сөз кылды.

Назарбаев Сатаевге : «Түркиянын Эртугрул сериалын көрдүңүз беле? Эртугрулга бир ак сакалдуу киши дайыма багыт берип турат. Биздин аталарыбыз ушундай кылышкан. Бул фильмде да ушундай образды жаратышы керек»,- деди.

Кезекте Азербайжандан кабарыбыз бар.

Ислам өлкөлөрүнүн дипломат талапкерлери Ислам Конференциясынын диалог жана кызматташтык жаштык форумунун Азербайжанда өткөрүлгөн «Эл аралык Ислам Кызматташтык Уюму модели» саммитинде жолугушту.

Бакудагы саммитте дипломаттар жана илимпоздор менен талапкерлердин арасында тажрыйба бөлүшүү болду. Дипломат талапкерлерине белгиленген өлкөнүн саясаттарын билдирүү үчүн коомчулукка кайрылуу, группа менен болгон байланышы, изилдөө, саясат анализи, макулдашуу, келишпестиктерди чечүү сыяктуу темаларда маалыматтар берилди жана буларды колдонуулары талап кылынды.

Премьер – министрликтин коомдук дипломатия координатору Али Осман Өзтүрк Түркия 1969 -  жылдан бери мүчө болгон Ислам Кызматташтык Уюмунун абдан маанилүү эл аралык уюм экендигин, мүчө санынын ылдам көбөйүп бара жаткандыгын айтты. Өзтүрк акыркы мезгилде аймактык жана маданий абалдар каралганда Ислам Кызматташтык Уюмунун бул темаларга кошкон салымынын дагы көп ортого чыккандыгын белгиледи.

Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарына жакын «Узунада» аянтынан күндө 500 миң метр куб жаратылыш газ чыгарылат.

Жаратылыш газ резервдери жактан абдан чоң потенциалга ээ экендиги билинген Каспий деңизинин жээгинде Түркмөнбашы шаарынын жакынындагы Узунада аянтында белгиленген газ кендеринин 7 километр тереңдикте экендиги билдирилди. Бул жерде ачылган кудуктан күндө 500 миң метр куб жаратылыш газ жана жарымы суюк суутек составынан турган 150 тонна газ конденсаты чыгарылат.

Түркмөнстан дүйнөдө аныкталган жаратылыш газ резервдери жактан Орусия, Иран жана Катардан кийин 4 -  орунда турат. Түркмөнстандын чыгышында 100 километр квадратка жакын аянтты камтыган «Галкыныш» аянтында болсо дүйнөнүн эң чоң экинчи жаратылыш газ резерви  бар.

Бул аймактан башталган «Түркмөнстан  - Өзбекстан -  Казакстан  - Кытай жаратылыш газ түтүк жолу» 2009 -  жылы ачылган. Түркмөн газынын эң чоң кардары Кытай бул жол аркылуу Түркмөнстандын газ экспортунун 62 пайызын алууда. Түркмөн газынын башка чоң алуучусу болсо Орусия. Бирок Орусия 2016 -  жылы январь айында Түркмөнстандан газ алууну токтоткон.

Кезекте Татарстандан бир кабарыбыз бар.

Татарстандын борбор шаары Казанда 18 – 21 -  майда өткөрүлө турган Эл аралык экономика саммити «Орусия  -  Ислам дүйнөсү: Казан саммит  - 2017» 50 өлкөдөн эки миң чет элдик конокту тосуп алууга даярданууда.

Орусия жана ислам кызматташтыгы организациясы мүчөлөрү катышкан Эл аралык экономика саммити Казанда биринчи жолу 2009 -  жылы өткөрүлгөн. Бул күндөн баштап да бул саммит Орусия федерация кеңеши жана Татарстан республикасынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Саммиттин максаты Орусия менен Ислам кызматташтык организациясынын ортосунда соода -  экономикалык, илимий  - технологиялык, социалдык жана маданий карым – катнаштарды өнүктүрүү деп көрсөтүлүүдө.

Казан Саммит – 2017ге 50 өлкөдөн эки миңден ашуун катышуучунун келиши күтүлүүдө. Булардын арасында элчилер менен ислам дүйнөсү өлкөлөрүнүн министрлери, Орусия жана чет элдик өлкөлөрдүн финансы институттарынын өкүлдөрү, парламент депутаттары, инвесторлор менен ишкерлер, эң аз 200 журналисттин катышуусу күтүлүүдө.

Уюштуруучулардын берген маалыматына караганда Казан Саммит  - 2017ге так түрдө катыша тургандар Түркиядан экономика министри Нихат Зейбекчи, Тунустун инвестиция жана эл аралык кызматташтык министри Мухаммет Абделкефи, Бириккен Араб Эмирликтеринин экономика министри Абдулла Ахмет Ал Салех.

Казан Саммитке араб эмирликтеринде жыл сайын өткөрүлгөн эң чоң инвестиция форуму Annual Investment Meetingдин төрагасы Давуд ал Шазавинин да келиши күтүлүүдө.

КазанСаммит – 2017нин темасы эл аралык экономикалык карым – катнаштардын негизинде ислам инветициялары болот. Саммитте ошол эле учурда социалдык иш тармактары, экология, кайрымдуулук мекемелери, геоэкономика, туризм, исламдык билим берүү сыяктуу жаңы темалар да сөз болот.

Казан саммит – 2017де биринчи жолу Орусия Халал Експо көргөзмөсү да өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар