Исламды бөлүп-жаруу аракеттери;өткөн кылымдан алынган сабак

ТР Президенттигинин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын темага байланыштуу маалыматтандыруусу.

480700
Исламды бөлүп-жаруу аракеттери;өткөн кылымдан алынган сабак

Мусулмандар зомбулукчу топтор тарабынан оңой менен жаап жашырылган эки тараптуу карама–каршылыктарды өөрчүткөн  кишилерди  даярдоонун ордуна, өзүнүн улуттук, этникалык жана сектанттык көз караштарын, исламдын ички биримдигин жана бүтүндүгүн сактап кала тургандай жогорку моралдык дух жана адамзаттык эрк менен жашоолору  керек.

1901-жылкы француз колониясы мезгилиндеги “Questions diplomatiques et colonials” журналынын редактору Эдмонд Фази бир топ европалык чыгыш таануучу жана колония башкаруучуларынан келерки  кылымда исламдын келечеги  кандай болоруна сурамжылоо жүргүзгөн.

Бул кызыктуу сурамжылоо болгондон бери бир кылымдан ашыгыраак убакыт өтсө дагы,   ошол учурда берилген жооптордун кээ бирлеринин бүгүн да маанилүү экендигине көзүбүз жетип турат.  

Бул берилген жооптор  Европадагы ал мезгилдин аң-сезими тууралуу көптөгөн нерсени ачыкка чыгарды. Бирок ошол эле учурда мусулман дүйнөсүнүн ичиндеги көйгөйлөрүнө да кайрылышкан. Фазинин келечекке байланыштуу суроолоруна жооп берген чыгыш таануучу илимпоздордун арасында венгер Игнац Гольдциер, немис чыгыш таануучу Мартин Хартман жана француз, араб изилдөөчү  Эдмонд Дутти бар эле.

 Баары берген жоопторунда исламды батыштын түздөн түз кийлигишүүсү менен боло турган «цивилизация миссиясына» муктаж экенин айтышкан. Чирип калган бир цивилизация, саясий башаламан жана маданий дүйнө катары таанылган классикалык чыгыш таануучулуктун негизги элементтери жана 19-кылымдагы Европанын колония мезгилиндеги дизайнын тастыкташкан.

 Жосеф Массад 2015-жылы Чикаго университетинин басмалары тарабынан басылган “Islam in Liberalism" аттуу китебинде муну абдан жакшы сынга алган. Бул суроого жооп бергендердин арасында фрнацуз ислам философиясы мугалими, билим жана диндер тарыхчысы  Бернард Карра де Вокс болсо, өзүнө таандык  талдоо жана сокур сунуштары менен алдыңкы планга чыгат. Карра де Воккстун келерки кылым үчүн исламдын келечеги тууралуу жүргүзгөн болжолу илимий адистик жана колониячыл көз караштын негизги элементтерин бириктирет.

Талдоосунун негизги максаты - Султан Экинчи Абдүлхамид жана мезгилдин илимпоздору тарабынан колдоого алынган пан- исламизм тарабынан келиши мүмкүн болгон жана ислам дүйнөсүндөгү Европа үстөмдүгүн соңуна чыгара турган кандайдыр бир коркунучка кандайча  бөгөт болуу керектиги болгон.

 

Берна́р Кара де Во  Исламдын батыштык жана европалык баалуулуктар болгон демократия жана либерализм менен макулдаша алаарын  көргөн.  Бирок, либерализмдин «Исламдын ичинде тамыр түптөшү мүмкүн экенин жана өткөн заманда да муну «толеранттуулук» түрүндө ишке ашыргандыгын айтты.  

Бир тараптан Кара де Вонун негизги тынчсыздануусу Ислам либерализми же либералдуу Ислам теориясын иштеп чыгуу эмес, бул терминдин саясий жана маданий маанилери менен батыштык үстөмдүктүн Мусулман коомчулуктардын үстүндө уланышы жана тереңдетилишинин жолдорун көрсөткөн.

Колониялдык-мезгил, сабырдуулук жана басмырланган субъекттердин кайрадан тартипке келтирилишин талап кылат.

Эгерде батыш өлкөлөрү мусулман дүйнөсүнө колониячыл үстөмдүк кылууда ийгиликке жетишкиси  келсе Кара де Во аларга муну сунуштайт: «Мухаммедди, дүйнөнү бөлүшүбүз керек жана моралдык биримдикти бузушубуз зарыл, учурда ансыз деле ичинде болуп жаткан саясий жана этникалык бөлүнүүлөрүнөн пайдаланышыбыз керек»,- деген.

Кара де Во саясий жана секталык айырмачылыктардын сөзсүз баса белгиленишин  «улутчул сезимталдыкты арттырууну жана диний коомчулукка таандык болгон  сезимдердин  аз болушу  керектигине ишенчү.

Кара де Во өз корутундусунда Европа колониячылдыгынын абсолюттук башкаруучулук максатына ушул рух менен расмий сунушун  мындайча билдирет: «Кыскасы Исламды бөлүп-жарышыбыз керек. Муну ишке ашыргандан кийин бузукулуктардан жана (суфий) туугандыктан пайдалана алабыз». Эгерде кылдат ишке ашырылса бул саясаттар Исламды күчтөн тайдырат, тынчын алат, алсыратат жана эч бир бийликке ээ болуу мүмкүнчүлүгү болбойт»,-деген.

Кара де Вонун алдын ала божомолдоолоруна  таянбасак деле ортодо турган чындык,  булар колониячыл бийликтин жана маданий үстөмдүктүн мурасы Исламдын бөлүнүшүнө жана Исламдын ич ара  ар  түрдүүлүгүнүн бузулушуна алып келди. Интеллектуалдык жана руханий бүтүндүгүн жоготкон мусулман коомчулуктар салт-санааларына жана маданияттарына ээ болуп өздөрүн жаңылай алышкан жок. Мусулман дүйнөсүнүн ички айырмачылыктарына кандайдыр бир чоң өзгөрүү кыла албашы жана жаңы дүйнө тартибинин негизги күч дизайнына тоскоолдук болбой турган абалда болушун камсыз кылуу үчүн колониялдык жана маданий империализм керектүү чараларды ишке ашырды.

Эзүүчүлүктүн бул зыяндуу мурасын билүүгө аргасызбыз, бирок бир тараптан да мусулман дүйнөсүнүн учурда өз ичиндеги  абалга канчалык салым кошконун сурашыбыз керек. Мисалга алсак, суннит жана шиит мусулмандарынын  ортосундагы карама-каршылыктын  өсүп жатышынын себеби,  дүйнө күчтөрүнүн мусулман өлкөлөргө болгон кийлигишүүлөрү, мусулман мамлекеттер  ортосундагы улуттук кызыкчылыктарды көрмөксөнгө салуу,  аларга карата күч,  зордукчул аракеттерди колдонуп, согуш отун тутандырууга чейин баруу, ошону менен мамлекетти алсыратуу, бөлүп жаруу  болуп саналат.

Көз караш, лидерлик жана келечекти көрүү кемчилиги бүтүндөй мусулмандарды  тынымсыз  күрөштөргө түртүүдө.  Бул күрөшүүлөр сектасына, этникалык тегине же атуулдугуна карабастан ар кимге зыянын  тийгизүүдө, ар кимди күчтөн тайдырууда.

Карама-каршылыктуу түрдө, глобалдашуу, Ислам салтында аныкталган ишенич жана баалуулук коомчулуктары, үммет сыяктуу көп түрдүү түшүнүктөрдү эске салып, өздүктөрдүн биригүүсү жана ажырашуу сыяктуу бурулуштарды күчтөндүрөт.

Классикалык Исламга, философиядан көркөм өнөргө, географиядан саясатка дейре бардык темада эл аралык жана дүйнөлүк көз карашты, үмметтин ошол бириктирүүчү түшүнүгү жеткирген. Исламдагы космополит рух тыштан эмес ичтен келген жана Ибн эл Араби тарабынан айырмачылыктарды четке каккан бардык нерсени биримдик термининде борборго алган «түрдүүлүктө биримдик» түрүндө ылайыктуу түрдө аныктаган.

Ошол эле учурда биримдиктин бир формалуулук жана ар түрдүүлүктүн хаос же тартипсиздик эместигин да баса белгилеген.

Бүгүнкү күндө мусулмандар ушул негизги принципке ээ болуулары керек. Адамдардын аң-сезиминде жана сезимдеринде так эки анжылык жараткан жана зомбулукту жактаган радикалдар тарабынан оңой эле манипуляция кылынган карама-каршылыкты өрчүтүүнүн ордуна, улуттук, этникалык жана секталык өздүктөрүн, бир тараптан Исламдын ички биримдигин жана туруктуулугун сактаган, экинчи тараптан да анын глобалдык жана космополит көз карашын уланткан жогорку ахлактуу жана адамзатка кызмат кылган платформага жеткирүү зарыл.

Бул, ДЕАШ жана Ал-Каида сыяктуу зомбулукту жактаган радикалдарга, ошол эле убакта мусулман дүйнөсүн этникалык тек жана секта айырмачылыгынын негизинде бөлгүсү келгендерге каршы эң мыкты «дары»  болоор  эле.

 



Тектеш кабарлар