Согуш, диломатия жана Сирия трагедиясы

Батыштык өлкөлөр Сирия маселесине саясий чечүүчү жол табуу үчүн сүйлөшүп жатканда, Орусия окуялардын багытын буруу үчүн аскердик кол салууларын күчөтүп улантууда.

432162
Согуш, диломатия жана Сирия трагедиясы

Сирия согушу дипломатиянын аянтта адилеттүү күчтөр тең-салмагы болгондо гана маанилүү жол болоорун ортого салды.

Батыштык өлкөлөр Сирия маселесине саясий чечүүчү жол табуу үчүн сүйлөшүп жатканда, Орусия окуялардын багытын буруу үчүн аскердик кол салууларын күчөтүп улантууда.

11-февралда душмандыктардын соңуна чыгышы үчүн кол коюлган Мюнхен келишиминин болсо аянттагы абалды өзгөртүшү мүмкүн эместей көрүнүүдө.

Өткөн эки жылдын ичинде Москва менен катар чечүүчү маанидеги үлүштөштөр, Сирия маселесине аскердик чечүүчү жол болбой турганын кайталашып, дипломатиялык жол менен чечүүгө убада беришкен. Бирок Орусия-Иран-Сирия режиминен турган шериктештик мунун тескериси туура экенин далилдеди.

Женева сүйлөшүүлөрүн, БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2254 номердүү токтомунда шарты коюлган ок атууну токтотуу, гуманитардык жардам, туткандардын кое берилиши жана башка беренелерди балталаган ушул жаңы аскердик кийлигишүү болду.

Учурда Сирия оппозициясын өкүлдүк кылган Жогорку сүйлөшүүлөр комитетинин (High Negotiations Committee), Женева сүйлөшүүлөрүнө кошулуп же кошулбай турганы 2254 номердүү токтомдун ишке ашырылышына байланыштуу.

Рияд Хижаб жетектеген Сирия оппозициясынын 25-февралга жылдырылган сүйлөшүүлөр тууралуу шектенүүсүнө негиздер бар. БУУ сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн жеке өзү койгон өкүмдөрдү ишке ашырууга кудурети жеткен жок.

Диломатиянын ойногон ролу чоң эле. Бирок чындыкты айта турган болсок, өтө эле чабал жана начарлап илгерилеген саясий сүйлөшүүлөргө Кремль өзүн кошулган сыяктуу көрсөтүү үчүн дүйнөнүн бардык тарабына тышкы иштер министрин жиберсе, экинчи тараптан да Сирияда аянттагы күчтөрдүн тең-салмагын өзгөртүү үчүн согуштук учактарын жөнөтүүдө.

Орусиянын дипломатиясы, Сириядагы орус аскердик кыймылын жашыруу үчүн жапкыч катары кызмат кылууда. Айрыкча Сириядагы орус аскердик кол салуулары, Орусиянын маневрлери себепчи болгон жана бир дагы негизги маселеси азырынча чечилбеген Украинага болгон көңүл бурууларды оңой эле артка кайтарууга да аракет кылууда.

Орусия Европа менен Түркияны жазаландыруу үчүн жарандарды бомбалап, массалык баш калкалоочу агымын жаратууну максаттоодо. Бир тараптан да АКШга өзүнүн стратегиялык жайгашуусу туурасында маалымат беррүүдө. Орусиянын президенти Владимир Путин Батыштын чечкиндүү эместигинен келип чыккан стратегиялык боштукту көп жагынан толтурууда.

Сирия режими күн сайын ондогон адамды өлтүрүп жатканда, ДЕАШка каршы жүргүзүлүп жаткан бир жактуу стратегиянын ахлактык мыйзамдуулугу суракка алынгыдай абалга келди. Ооба, ДЕАШка каршы күрөш улантылып, ДЕАШ жок кылынышы керек. Бирок бул, Сириянын президенти Башар Асад режими жана колдоочуларынын аскердик жеңишке жетишине жол бербеши керек жана андай болбойт.

Миңдеген сириялык ДЕАШ террорунан эмес Асад режиминин террору жана орус бомбалоосунан качып жатышат.АКШнын Сирия стратегиясы жөнүндө сындоочу сөздөрдү айткан Лоран Фабиус, Франциянын тышкы иштер министри кызматын өткөрүп жатып, Американын Сириядагы позициясын «бүдөмүк» жана чечкиндүү эмес деп мүнөздөгөн эле.

Фабиус айрыкча АКШнын химиялык куралдар үчүн койгон кызыл чийинден Сирияда өтүлүшүнөн кийинки кайдыгерлигинин Путиндин Украина жана Сирияда илгерилешине өбөлгө болгонун айтты.

Фабиустун бул белгилөөсүн ырастагансып АКШ, Орусия жана Асад режимине аянтта чоң аскердик үстөмдүк кылуу үчүн өз аскердик колдоосунун дээрлик бардыгын Demokratik Union Party (ПЙД) жана анын аскердик тармагы болгон People's Protection Units (ЙПГга) багыттады.

ПЙД жана ЙПГ, АКШ, Орусия жана Асад режиминин бардыгына бир убакта кардар болуп алардан курал, ок-дары, чалгындоо жана абадан колдоо алууда. Мына ушул себептен бул уюм бир эле убакта ПЙДны колдоо үчүн өзү өзүнө мыйзамдуулук берген тезиске айланган, ДЕАШка каршы таасирдүү күч болгонун байма бай айтууда. Ушундай биринчи сапатта колдоо көргөн ар бир топ ДЕАШка каршы таасирдүү күч болот ансыз деле...

Ал эми ДЕАШка каршы күрөшүүгө жамынып алып ПЙД өзүнөн өзү Сириянын түндүгүндө автономия жарыялап алып, аны кеңейтүүгө аракет кылууда.

Бул учурда, көп жолу сапаттуу жардам жана машыктыр-жабды программалары боюнча убада берилген Сириядагы оппозициячыл топтор бир тараптан Орусия жана Асад күчтөрү кыргынга учуратып жатканда, экинчи тараптан ДЕАШтын кол салууларына дуушар болууда. 10-февралда болгон бул абалга мисал келтирсек. Орусиянын абадан колдоосун алган ЙПГ сириядагы оппозициячыл топторго кол салды жана Маннах аба базасын колго алышты. Алардын максаты Афринге жакын жердеги Араб айылдарын колго алуу, ошондуктан ПЙДнын аймактагы территорияга үстөмдүгүн кеңейтүү эле. Бул макала жазылып жатканда ЙПГ Азиз шаарынын тышында Халеб жана Түркия чек арасынын ортосундагы башкы жолдо күтүп турган болчу. Капага салган оройлук болсо мындан бир жыл мурда Эркин Сирия армиясы Кобаниде ПЙДга жардам берген. Эми болсо Кобанини ДЕАШтан куткаруу үчүн жардам берген ошол күчтөр тарабынан кол салууга учурап жатат. Бул ичти күйгүзгөн абал жана Женева сүйлөшүүлөрүнүн кандай бүтөөрү да белгисиз.

Бул убакта Анкара тарабынан сунушталган жана Батыш тарабынан кандайдыр бир көндүрүүчү себеп көрсөтүлбөстөн четке кагылган Сириядагы жөнөкөй оппозициянын колдоого алынышы жана сириялык качкындар жана жарандар үчүн Сирияда «коопсуз аймактар» курулушу боюнча пикир Атлантиканын ары жагындагы өлкөлөрдө кызыгуу туудура баштады. Өткөн жылы бир топ алдыңкы дипломат жана аналисттер АКШнын президенти Барак Обама бийлигине Сириянын түндүгүндө Түркиянын чек арасын бойлой коопсуз аймак курулушу үчүн чакырык салган. Роберт Форд, АКШнын Сириядагы мурдагы элчиси, 2015-жылы 9-мартта муну жазды: « Сириянын оппозициясын коргош үчүн учууга тыюу салынган аймак жарыя кылынышы керек, бул болсо бийликтин көптөн бери көнбөй жаткан кадамы».

2015-жылы 21-апрелде АКШлык республикачыл жана демократ сенаторлор Обамага, «Сирияда адамзат үчүн коопсуз аймактар жаратылышы жана аны аткаруу үчүн мажбурлоо» чакырыгын ташташты. АКШык мурдагы дипломат Фредерик Хоф: «Эгерде дагы кеңири учууга тыюу салынган аймак курулса, Асад режиминин «коопсуз аймактын» тышындагы жарандык отурукташкан аянттарга чачыроочу бомба таштоо жөндөмдүүлүгүн татаалдатат же толугу менен жок кылынса адамдардын өмүрлөрү сакталып калат. ДЕАШ жаңы согушкер табуу үчүн колдонгон негизги булактан ажыратылат»,-деп жазган.

Анн-Мари Слотер да, «Учууга тыюу салынган аймак куруп, АКШ жана шериктештери, Асадга эми чыдамы калбаганын жана сириялыктарды Сирияда коргоо үчүн даяр болгондорун көрсөткөн болушат»,-деди.

Өткөн жылдан бери көп нерсе алмашты жана Орусия өзүнө ылайыктуу учууга тыюу салынган аймакты курду. Ошонсе да коопсуз аймак куруу пикири дагы эле Сирияда адам өмүрлөрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө жана жарандык аймактардын Орусия менен Асад режими тарабынан аскердик бульдозерлер менен тебелешине бөгөт болуу күчүнө ээ.

Михаил Игнатьев жана Лео Виеселтиер капа болгондорун мындай сөз кылышат: «Ахлактык банкрот көптөн бери болуп келтат. 5 жылдан бери Сириянын президенти Башар Асаддын кетиши керектиги боюнча сүйлөнгөн ичи бош сөздөр, козголоңчу топтордун жарым-жартылай колдоого алынышы, химиялык куралдар үчүн коюлган кызыл чийиндерден өтүлүшүнө уруксат берилиши жана Европанын баш калкалоочу кризиси жүгүнөн бизге бөлүнгөнүн көтөрө албай калышыбыз».

Чечим табуу катары бул адамдар, «АКШ, аймактагы деңиз жана аба күчтөрүн колдонуп Халебден Түркия чек арасына чейинки аянтта учууга тыюу салынган аймак куруп, жарандардын жана баш калкалоочулардын Орусия менен кошо кайсы тараптан бомбаланып жатса дагы бутага алынышына бөгөт боло турганын ачык түрдө белгилеши керек».

Эки мурдагы АКШлык жогорку дипломаттар Николас Бернс жана Джеймс Джеффри да ошол эле темага токтолушуп: «Барынан мурда Обама жана командасы мурда четке какканын кайра карап жана ал тууралуу акыл калчашы гана калат. Сириянын түндүгүндө жарандарды коргоо үчүн коопсуз аянт жаратылышы жана муну мүмкүн кылыш үчүн учууга тыюу салынган аймктын жарыяланышы»,-дешкен.

Деннис Росс да Путиндин буга каршы чыга турганын абдан жакшы билгенин белгилеп коопсуз аймак курулушу үчүн колдоо көрсөткөндөрдөн кээ бирлери. Алар муну да кошумчалаган , «Эгерде орустардын учурда кылгандарына каршы дагы көп күч колдонууга даяр эмес болсок, Суннит шериктештерибиздин көңүлүн ала албайбыз жана дипломатиянын иштеши үчүн ыктымалдуулук азайган болот».

Сирия согушу дипломатиянын аянтта адилеттүү күчтөр тең-салмагы болгондо гана маанилүү жол болоорун ортого салды. Эгерде мындан кийин боло турган Сирия сүйлөшүүлөрүнүн мааниси жана таасири болушу кааланса, эл аралык коомчулуктун олуттуу колдоосун алышы зарыл. Сириянын оппозициясына колдоо көрсөтпөстөн жана сириялык жарандар үчүн коопсуз аймак курулбастан жүргүзүлгөн дипломатия бир гана согуштагы кемчилик болот.

Ибрагим Калын



Тектеш кабарлар