Японияда бала төрөлүүнүн саны кризистик деңгээлге түштү
Японияда 2023-жылы 758 миң бала төрөлгөнү билдирилип, бул сандын 2022-жылга караганда 5,1 пайызга аз болгону жарыяланды
Японияда кризистик деңгээлдеги төрөлүү 2022-жылга карата 5,1 пайызга төмөндөдү.
Японияда 2023-жылы 758 миң бала төрөлгөнү билдирилип, бул сандын 2022-жылга караганда 5,1 пайызга аз болгону жарыяланды. Ошондой эле никелердин саны 6 пайызга азайып, 489 миңге түшкөнү белгилүү болду.
«Төрөлүүнүн төмөндөшү критикалык деңгээлде», - деп айткан Министрлер кабинетинин башкы катчысы Йошимаса Хаяши: «Жаштардын саны 2030-жылга чейин акырындык менен азаят. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, муну артка кайтарууга мүмкүнчүлүк да болбой калат»,-деди
Премьер-министр Фумио Кишида да жакында эле акыркы жылдарда төрөттүн төмөндөшү өлкөнүн эң чоң көйгөйү экенин билдирген.
Бийлик өкүлдөрү «калктын улгайышына каршы» болуп көрбөгөндөй чаралар көрүлөөрүн жарыялагандан кийин ММКлар жаңы үйлөнгөн жана төрөп жаткан жарандарга бала багуу боюнча субсидиялар, жаштардын айлык маянасы көбөйүп, адамдарды балалуу болууга үндөй турган экономикалык чөйрө түзүлөөрүн жазып чыгышты.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.