Электр жылан балыгы жандыктарда гендин өтүшүнө себеп болушу мүмкүн

Нагоя университетинин маалыматына караганда, профессор Эйичи Хондо жетектеген изилдөө жылан балыктары өндүргөн электр энергиясы генетикалык материалдардын жандыктардын клеткаларына өтүшүнө себеп болоорун аныктады.

2073935
Электр жылан балыгы жандыктарда гендин өтүшүнө себеп болушу мүмкүн

Япониянын Нагоя университетинин илимпоздору электр жылан балыктары майда балык личинкаларына ар кандай гендердин өтүшүнө себеп боло турган жетиштүү ток бере аларын аныкташты.

Нагоя университетинин маалыматына караганда, профессор Эйичи Хондо жетектеген изилдөө жылан балыктары өндүргөн электр энергиясы генетикалык материалдардын жандыктардын клеткаларына өтүшүнө себеп болоорун аныктады.

Изилдөө лабораторияда ДНКны алып жүрүүчү жашыл флуоресценттүү протеинди (GFP) зебра балыктарынын личинкаларынын жана электр жылан балыктарынын чөйрөсүнө кошуу менен жүргүзүлгөн.

Жылан балык токко урунгандан кийин микроскоптун астында изилденген личинкалардын болжол менен 5 пайызында GFP-позитивдүү клеткалар табылган.

Ошентип лаборатория чөйрөсүндө клетка мембранасынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу клетканын ичине бөтөн ДНКнын киришин камсыз кылуу үчүн электр энергиясын колдонуу дегенди билдирген «электропорация» табиятта өзүнөн-өзү пайда болоору байкалган.

Изилдөөчүлөрдүн бири Атсуо Иида эксперименттин жыйынтыгы тууралуу мындай деди: «Бул электр жылан балыктан чыккан электрдик релиз клеткаларга гендин өтүшүнө алып келиши мүмкүн экенин көрсөтүп турат».

Изилдөөнүн жыйынтыгы "PeerJ" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар