Пакистанда абанын булганышынан улам жасалма жамгыр жаадырылат

Пенжабдын убактылуу өкмөтүнүн премьер-министри Мухсин Накви социалдык медиадагы билдирүүсүндө, Пенжаб провинциясында абанын булганышы жогору болгон аймактарда беткап кийүү 1 жума бою милдеттүү болоорун жарыялады.

2066089
Пакистанда абанын булганышынан улам жасалма жамгыр жаадырылат

Пакистандын Пенжаб провинциясында абанын булганышы жогорулап кеткен аймактарда 1 жума бою беткап кийүү милдеттүү болуп калды.

Пенжабдын убактылуу өкмөтүнүн премьер-министри Мухсин Накви социалдык медиадагы билдирүүсүндө, Пенжаб провинциясында абанын булганышы жогору болгон аймактарда беткап кийүү 1 жума бою милдеттүү болоорун жарыялады.

Чечимге ылайык, беткап кийүү 20-ноябрдан 26-ноябрга чейин Лахор, Нанкана Сахиб, Шекипура, Касур, Гужранвала, Гужрат, Наровал, Хафизабад, Сиалкот жана Манди Бахауддин аймактарында милдеттүү болот.

Пенжаб провинциясында абанын булганышын азайтуу үчүн жасалма жамгыр жаадыруу пландалууда.

Улуттук басма сөздүн билдирүүлөрүнө караганда, жооптуу кызматкерлер Лахордо (Пенжаб) абанын булганышына каршы күрөшүү үчүн ар түрдүү чараларды көрүшкөн.

Ушул алкакта Лахордо 28 жана 29-ноябрда жасалма жамгыр жаашы үчүн керектүү даярдыктар башталганы жарыяланды.

Ошол эле учурда Лахордогу бардык мектептердин ишемби күндөрү жабылышы, базарлар менен соода борборлорунун жергиликтүү убакыт боюнча саат 15.00дөн кийин ачылышына чечим чыгарылды.

Пенжаб провинциясында абанын булганышы жогору болгон аймактарда 8-ноябрда 4 күндүк эс алуу жарыяланды.

Швейцариялык технологиялык компания IQAir абанын сапатын өлчөгөн маалыматка караганда, абанын сапаты Пенжаб провинциясындагы Мултан шаарында 470 жана Лахордо 214 деп катталды. Бул баалуулуктар тиешелүүлүгүнө жараша «коркунучтуу» жана «өтө зыяндуу» категорияларга кирет.

Шаарлардагы абанын сапаты боюнча Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) тарабынан даярдалган колдонмодо PM 2,5 деңгээли (диаметри 2,5 микрометрден аз майда бөлүкчөлөр) бир куб метрде 10 микрограммдан төмөн болушу керек деп айтылат.



Тектеш кабарлар