НАСА «Вояжер 2» космостук аппаратынан сигнал алды
НАСАнын Voyager Interstellar долбоорунун жетекчиси Сюзанна Додд, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, НАСАнын дүйнө жүзү боюнча гигант радио антенналар коллекциясы болгон «Deep Space Network» аркылуу Voyager 2нин дагы «тирүү» деген сигналдарын алгандарын айтты.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук Аэронавтика жана Космос агенттиги (НАСА) туура эмес команда жөнөткөн жана байланыш үзүлгөн «Вояжер 2» космос кемесинен бир нече күн өткөндөн кийин сигнал алганын жарыялады.
НАСАнын Voyager Interstellar долбоорунун жетекчиси Сюзанна Додд, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, НАСАнын дүйнө жүзү боюнча гигант радио антенналар коллекциясы болгон «Deep Space Network» аркылуу Voyager 2нин дагы «тирүү» деген сигналдарын алгандарын айтты.
Додд белгилегендей, АКШнын Калифорния штатындагы Реактивдүү кыймыл лабораториясынын адистери Voyager 2нин антеннасын Жерге бурууга аракет кылышат.
Додд бул буйрук иштебесе, космостук аппараттын өзүн калыбына келтирүү үчүн октябрга чейин күтүшү керек деп билдирди.
Өткөн аптада НАСА туура эмес команда жөнөткөндүктөн космостук кеменин антеннасы 2 пайызга жылып, Voyager 2 менен байланыш үзүлгөн.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.