Абанын температурасы рекорддук деңгээлге жетти

Глобалдык абанын температурасы июнь айында биринчи жолу өнөр жай мезгилине чейинки орточо көрсөткүчтөн 1,5 градуска ашты.

2000313
Абанын температурасы рекорддук деңгээлге жетти

Июнь айынын алгачкы 11 күнүндөгү температура дүйнө жүзү боюнча жылдын ушул мезгилиндеги рекорддорду жаңылады.

Европа Биримдигинин (ЕБ) Коперник Климаттын өзгөрүшү боюнча кызматынын маалыматына ылайык, Эль-Нино аба ырайынын пайда болушунан жана өткөн айда деңиз бетиндеги рекорддук температурадан кийин жылдын июнь айынын биринчи 11 күнүндө кургактагы абанын температурасы бул үчүн өлчөнгөн эң жогорку орточо көрсөткүчкө жетти.

Глобалдык абанын температурасы июнь айында биринчи жолу өнөр жай мезгилине чейинки орточо көрсөткүчтөн 1,5 градуска ашты.

Париж келишими менен 20 жана 30 жылдык мөөнөткө глобалдык температуранын 1,5 градуска чейин жогорулашын чектөө максат кылынган.

Бул боюнча Коперник кызматынын билдирүүсүндө, «Учурдагы Эль-Ниньо окуясы өнүгүп жаткандыктан, кийинки 12 айдын ичинде дүйнөлүк орточо абанын температурасы өнөр жайга чейинки мезгилде Цельсий боюнча 1,5 градустан ашык көтөрүлөт деп күтүүгө негиз бар»,деген билдирүү киргизилген.

Буга чейин абанын температурасынын орточо көтөрүлүшү 1,5 градус босогодон ашып кеткен. Бирок бул өсүш июнь айында биринчи жолу катталды. 1,5 градус босогосунан биринчи жолу 2015-жылдын декабрь айында, андан кийин 2016 жана 2020-жылдын кыш жана жаз айларында өткөн.

Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюму май айындагы отчетунда 2023-2027-жылдар аралыгындагы глобалдык орточо аба температурасынын эң аз бир жыл бою өнөр жай мезгилине чейинки орточо көрсөткүчтөн 1,5 градус жогору бойдон калуу ыктымалдыгы 66 пайызга жеткенин жарыялаган.



Тектеш кабарлар