Паркинсонго каршы сөңгөк клетка терапиясы

South China Morning Post гезитинин кабарына караганда, Кытайдын Куньмин илим жана технология университетинин илимпоздору маймылдардын мээсине сөңгөк клеткаларды трансплантациялоо менен Паркинсондун белгилерин жеңилдете алышты.

1940831
Паркинсонго каршы сөңгөк клетка терапиясы

Кытай илимпоздору тарабынан Паркинсон оорусуна каршы иштелип чыккан сөңгөк клетка терапиясы маймылдарга жасалган экспериментте эффективдүү жыйынтык берди.

South China Morning Post гезитинин кабарына караганда, Кытайдын Куньмин илим жана технология университетинин илимпоздору маймылдардын мээсине сөңгөк клеткаларды трансплантациялоо менен Паркинсондун белгилерин жеңилдете алышты.

Окумуштуулар сөңгөк клеткаларды трансплантациялоонун Паркинсондун таасиринен улам мээси бузулган жаныбарлардын кыймылдабай, 2-3 жуманын ичинде өз алдынча туруп, тамактануусуна шарт түзөрүн билдиришкен.

5 жыл байкалган жаныбарларда дарылоо таасири туруктуу экени байкалган.

Окумуштуулар дарылоо үчүн адамдын киндигинен алынган мезенхималдык сөңгөк клеткаларына допаминди синтездей турган үч генди өткөрүп беришти.

Дарылоо чычкандарга сыналган жана ийгиликтүү болгондон кийин, маймылдар менен эксперимент 2017-жылы башталган.

Эгер генетикалык жактан иштелип чыккан сөңгөк клеткалары адамдарда ийгиликтүү болсо, бул Паркинсон оорусун арзан жана эффективдүү дарылоо болуп калышы мүмкүн.

Окумуштуулар келечекте дарылоонун коопсуздугу жана колдонулушу боюнча майда-чүйдөсүнө чейин иштешет. Андан кийин адамдарга масштабдуу клиникалык сыноолор пландаштырылууда.

Изилдөөнүн жыйынтыгы «Паркинсон оорусу» эл аралык адис медициналык журналында жарыяланды.

Дүйнө жүзү боюнча 60 жаштан ашкан адамдардын эң аз дегенде 1 пайызында байкалган Паркинсон оорусу, мезгилдин эң кеңири тараган дегенеративдик мээ оорусу.

Себептери азырынча белгисиз болгон оорунун, дененин кыймылдарын жөнгө салуучу допамин ферментин бөлүп чыгарган мээдеги нерв клеткаларынын азайышы себеп болгон деп болжолдонууда.



Тектеш кабарлар