Аляскада кар крабдарынын 90 пайызы жок болду

Аляска Балык жана Аңчылык департаменти Беринг деңизинин муздак сууларында жашаган бул рак сымалдуулардын санынын таң калыштуу түрдө азайганын билдирди.

1893439
Аляскада кар крабдарынын 90 пайызы жок болду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Аляска штатында арктикадагы рак сымалдуу жандыктардын бири болгон кар крабынын популяциясы акыркы 2 жылда 90 пайызга кыскарды.

Аляска Балык жана Аңчылык департаменти Беринг деңизинин муздак сууларында жашаган бул рак сымалдуулардын санынын таң калыштуу азайышынан улам штатта жылдык кар краб мезгили балык уулоо тарыхта биринчи жолу жокко чыгарылганын жарыялады.

Бөлүмдүн биологу Миранда Вестфал изилдөөчүлөр 2019-жылдан 2021-жылга чейин кар крабынын популяциясынын "таң калыштуу түрдө азайгандыгын" байкашканын белгиледи.

Аляска менен Сибирдин ортосундагы Беринг деңизинин муздак сууларында жашаган кар крабдарынын 90 пайызынын акыркы эки жылда жок болгондугу, бул 1 миллиардга жакын кар крабына туура келгени айтылды.

Окумуштуулар Арктиканын экосистемасына ыңгайлашкан кар крабдары Беринг деңизинин ысып кетишинен улам кычкылтектин жетишсиздигинен жапа чеккен жана алардын аман калгандары муздак сууларга көчүп кеткен болушу мүмкүн деген баа беришти.

Кар краб популяциясынын үрөй учурарлык кыскарышы Арктиканын экосистемасына олуттуу эскертүү гана болбостон, региондун экономикасына да чоң сокку болот деп кооптонушат.



Тектеш кабарлар