8 миң жылдык баш сөөгү табылды

Ренвилл округунун шерифи Скотт Хейбл жергиликтүү маалымат каражаттарына баш сөөктүн сыныгын антропологдор көмүртектин жардамы менен изилдегенин айтты.

1831909
8 миң жылдык баш сөөгү табылды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Миннесота штатында табылган баш сөөгүнүн сыныгынын болжол менен 8000 жылдык экени аныкталды.

Миннесота дарыясынын кургак жеринен лыжачылар таап, дайынсыз жоголгон адамга же киши өлтүрүүгө байланыштуу болушу мүмкүн деген ой менен бийликке өткөрүлүп берилген баш сөөктүн сыныгы б.з.ч. 6000-5500  жылдар аралыгында жашаган бирөөгө таандык деген тыянак чыгарылган.

Ренвилл округунун шерифи Скотт Хейбл жергиликтүү маалымат каражаттарына баш сөөктүн сыныгын антропологдор көмүртектин жардамы менен изилдегенин айтты.

Хейбл: «Баш сөөктүн мынчалык эскилиги биз үчүн шок болду»,-деп айтты.

Миннесота штатындагы университеттин антропология профессору Кэтлин Блу Нью-Йорк Таймс гезитине берген маегинде баш сөөктүн аймакта жашаган уруулардын биринин ата-бабаларына таандык экенин айтты.

Бир тараптан аймактагы түпкүлүктүү америкалыктар баш сөөктүн сыныгынын фотосүрөтүнүн шерифтин социалдык медиада бөлүшүлүшүнө реакция кылып, муну ишенимдерине жараша ата-бабаларына карата урматсыздык катары сыпатташты.

Шериф Хабль, билдирүүлөрдөн кийин посттун алынып салынганын айтып, баш сөөгүнүн сыныгы Сиу жамаатынын уруу бийлигине өткөрүлүп берилерин жарыялады.



Тектеш кабарлар