Альцгеймер оорусуна байланышы бар 42 жаңы ген аныкталды

Nature Genetics Альцгеймер оорусу үчүн жүз миңдеген адамдарды камтыган ген изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады.

1807751
Альцгеймер оорусуна байланышы бар 42 жаңы ген аныкталды

Альцгеймер оорусуна байланышы бар 42 жаңы ген аныкталды.

Nature Genetics Альцгеймер оорусу үчүн жүз миңдеген адамдарды камтыган ген изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады.

Изилдөөдө Альцгеймер оорусу бар 111 326 адамдан турган топ 677 663 дени сак инсан менен генетикалык түзүлүшүндөгү айырмачылыктарды изилдөө үчүн салыштырылган.

Изилдөө Альцгеймер оорусунун пайда болуу коркунучу жогору болушуна байланыштуу 75 генди аныктады, алардын 42си мурда белгисиз болгон.

Изилдөөлөр сезгенүүдө жана иммундук системада маанилүү роль ойногон TNF-alpha протеининин Альцгеймер оорусунда роль ойноорун көрсөттү.

Изилдөө ошондой эле мээдеги уулуу заттарды жок кылуу үчүн жооптуу иммундук клеткалар болгон Microgliaдагы дисфункция дагы оорунун өнүгүшүнө алып келерин дагы далилдеди.

Мындан тышкары, генетикалык тестирлөө симптомдору пайда боло электе Альцгеймер оорусуна чалдыгуу коркунучу жогору адамдарды аныктоого жардам берет.

Кардифф университетинин Улуу Британиянын деменция изилдөө институтунун директору жана изилдөөнүн авторлорунун бири профессор Жули Уильямс: «/.../. Микроглия деп аталган мээдеги иммундук клеткалар жабыркаган ткандарды тазалоо үчүн жооптуу, бирок кээ бир адамдарда азыраак эффективдүү болушу мүмкүн, бул оорунун тездешине алып келет. Тамеки чегүү, көнүгүү жана диета сыяктуу жашоо факторлору да Альцгеймер оорусунун өнүгүшүнө таасир этет»,деген өз баасын берди.

Изилдөө Улуу Британия, АКШ  жана Австралия менен катар 8 өлкөдө жүргүзүлгөн.



Тектеш кабарлар