Илон Маск Марска сапарынын симуляциясын бөлүштү

Илон Маск өзүнүн Twitter эсебинде 2030-жылдан баштап учурулушу күтүлүп жаткан Марс планетасына башкарылган миссияны симуляциялаган анимациясын бөлүштү.

1779981
Илон Маск Марска сапарынын симуляциясын бөлүштү

Tesla жана SpaceX топ-менеджери Илон Маск Starship ракетасы менен Марска саякат кылган 5 мүнөттүк видеосун бөлүштү.

Илон Маск өзүнүн Twitter эсебинде 2030-жылдан баштап учурулушу күтүлүп жаткан Марс планетасына башкарылган миссияны симуляциялаган анимациясын бөлүштү.

Маск өзүнүн бөлүшүүсүндө, «Толугу менен жана тез кайра колдонула турган унаалар адамзат жылдыздарды изилдей турган келечектин ачкычы. Биздин жашообузда бул чындыкка айланат»,деген сөздөргө орун берген.

Видеодо Starship ракетасы жана Super Heavy көмөкчү ракетасы сапарды улантуудан мурун орбитада май куюлгандан кийин космодромдон учурулуп жатканын көрүүгө болот.

7 айга созулган саякаттын натыйжасында Starship жана Super Heavy кемелеринин Марска вертикалдуу конгону көрүнгөн видеодо, ракеталардын кийинки миссияларда колдонулушу мүмкүн экени байкалды.

Starship биринчи сыноосун 2021-жылдын май айында жасаган жана 10 километрге жеткен гигант ракета бекем жана туруктуу коно алган.

NASA 2025-жылы Айга астронавттарды кондуруу үчүн көп жолу колдонула турган Starship кемесин активдештирүүнү пландаштырып жатканда, Маск болсо Марста шаар куруу жана ал жерге жабдууларды жана адамдарды ташуу үчүн Starships флотун жайгаштырууну максат кылууда.



Тектеш кабарлар