Түрк астрономдору космосто эки планетаны табышты

Бул тууралуу Анкара университетинин так илимдер факультетинин астрономия жана космос илимдери бөлүмүнүн башчысы, профессор доктор Селим Осман Селам маалымат берди.

1778506
Түрк астрономдору космосто эки планетаны табышты

Анкара университетинин астрономия жана космостук илимдер бөлүмүнүн изилдөөчүлөрү Жерден 1336 жарык жылы алыстыкта ​​жайгашкан Кеплер-451 кош жылдыз системасында эки планетаны табышты.

Анкара университетинин так илимдер факультетинин астрономия жана космос илимдери бөлүмүнүн башчысы, профессор доктор Селим Осман Селам Анкара университетинин Крейкен обсерваториясында профессор доктор Берахитдин Албайрак телескобу жана Чанаккале Онсекиз Март университетиндеги телескоп менен кош жылдыздын жарык өлчөө байкоолорун жүргүздү. Ал ошондой эле Кеплер жана TESS космос телескоптору тарабынан алынган байкоолор да пайдаланылганын билдирди.

Селим Осман Селам: «Бул байкоолор менен биз Кеплер-451 системасында мурда ачылган планетадан тышкары Юпитердей чоңдуктагы эки гигант планетанын бар экенин аныктадык»,-деп илимий маалыматын бөлүштү.

Кош жылдыздардын айланасында 21 жана 22-планеталардын табылышы менен бул мааниде ачылган планеталардын саны 22ге жеткенин баса белгилеген Селам :«Планеталардын бири Юпитердин массасынан болжол менен 1,5 эсе, ал эми экинчиси эки эсеге жакын чоң. Газ гиганты планеталар болгондуктан, бул планеталарда жашоого эч кандай мүмкүнчүлүк жок»,- деди.

Кеплер-451 системасында планеталардын ачылышын сүрөттөгөн илимий макала Англиядагы Oxford University Press басмасында жарык көргөн бул тармактагы эң престиждүү журналдардын бири болгон «Monthly Notices of the Royal Astronomical Society» журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар