TB2 КУУАлары өз классында дүйнөдөгү эң мыкты робот учак
Бул билдирүүнү Селчук Байрактар социалдык медиа эсебинде бөлүштү.
Куралдуу жана куралсыз учкучсуз учуучу аппараттарын (КУУА / УУА) чыгарган Байкар компаниясынын техникалык менеджери Селчук Байрактар, TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын (КУУА) өз классында дүйнөдөгү эң мыкты робот учак экендигин айтты.
Бул билдирүүнү Селчук Байрактар социалдык медиа эсебинде бөлүштү.
Түрк инженерлери тарабынан иштелип чыккан жана коддолгон TB2 КУУАнын 40тан ашуун компьютерден тургандыгын белгилеген Байрактар, КУУАлардын 93 пайыздык ата мекендик көрсөткүч менен дүйнөдө өз атаандаштарына салыштырмалуу рекорд койгонун белгиледи.
Байрактардын бардык орчундуу бөлүктөрүнүн жана тетиктеринин улуттук экендигин жана анын оригиналдуу дизайны түрк инженерлеринин эмгеги экендигин белгиледи.
Селчук Байрактар учууну башкаруу жана навигация тутуму ашыкча болгон TB2лердин өз класстарындагы эң мыктысы экендигин баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.