Өткөн жылы 36 өсүмдүк жана жаныбар түрү жок болду

Эл аралык жаратылышты коргоо биримдигинин (IUCN) Кызыл тизмесине жоголуп бара жаткан жана коркунуч алдында турган 128 918 жандык кирди.

1559998
Өткөн жылы 36 өсүмдүк жана жаныбар түрү жок болду

Өткөн жылы өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын 36 түрү жок болду.

Эл аралык жаратылышты коргоо биримдигинин (IUCN) Кызыл тизмесине жоголуп бара жаткан жана коркунуч алдында турган 128 918 жандык кирди.

IUCN өткөн жылы жаратылышта көптөн бери байкалбай келе жаткан 36 жаныбар жана өсүмдүктөр түрлөрүнүн коркунуч астындагы категориядан жок болуп бара жаткан категорияга киргизилгенин жарыялады.

Жоголуп бара жаткан жаныбарлар категориясына кирген балыктардан Бародез бауланы Филиппиндеги Ланао көлүндө 1991 - жылы байкалган. Индонезиянын Ява аралына гана мүнөздүү Chitala lopis балык түрлөрү 1853 - жылдан бери ал эми Казакстандын дарыяларында жашаган Schizothoraz saltans болсо 1953-жылдан бери көрүнбөйт.

Японияга мүнөздүү болгон сүт эмүүчүлөрдүн Pipistrellus sturdeei түрү акыркы жолу 1889 - жылы, ал эми Nyctophilus howensis 1972 - жылы Австралияда байкалгандыгы билдирилди.

Борбордук Америкада жашаган бака жана кескелдириктин 5 түрү 25 жылдан ашык убакыттан бери көрүнө электиги  аныкталды.

Булардан тышкары, 100 жылга жакын көрүнө элек 1 чегиртке, 6 дарак жана 5 өсүмдүктүн түрү жоголуу коркунучунда турган категорияга киргизилген.

Дүйнөдөгү бардык тузсуз суу дельфиндери дайынсыз категориядан жоголуп бара жаткан түрлөрдүн категориясына киргизилген.

Амазонка дарыясынын тутумунда жашаган бул кичинекей боз дельфиндердин суулардын булганышынан, дамбаларга жана балык кармоочу торлорго илинип жок болуп кетүү коркунучунда экени баса белгиленди.

IUCN ошондой эле дүйнөдөгү бардык эмен дарактарынын үчтөн бир бөлүгү жок болуп кетүү коркунучунда экендигин жарыялады.



Тектеш кабарлар