50 жылдан бери бир күн 24 саат эмес экен
Акыркы 50 жылдан бери жер өз тегерегинде дагы ылдам айлангандыктан күндөр да кыскарды.
Акыркы 50 жылдан бери жер өз тегерегинде дагы ылдам айлангандыктан күндөр да кыскарды.
Англис гезити Daily Mailдин кабарына караганда расмий маалыматтар акыркы 50 жылда жердин өз айланасындагы айлануусунун ылдамдагандыгын көрсөтүүдө. Бул абалдын жыйынтыгы катары да бир күндүн 24 сааттан дагы кыска экендиги белгиленген кабарда адистердин бул айырмачылыкты жоюу жана убакытты өз айланасында жердин айлануусуна параллель кылуу үчүн секундаларды өчүрүүнү талкуулашкандыгы билдирилди.
1960 – жылдардан берки каттоолорго караганда акыркы 50 жылда жер өз айланасында бир айлануусун, 24 сааттан 86 400 секунда дагы кыска убакытта акырына чыгарууда.
2020 - жылы 19 - июлда күн 24 сааттан 1. 4602 миллисекундга кыска болгон. Бул каттоого алына баштагандан берик эң кыска күн болду.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.