Индиянын алгачкы айдоочусуз метро багыты ачылды

Премьер-министр Нарендра Моди видео-конференция аркылуу Нью-Дели метросунун Мажента каттамында иштеген линиянын ачылышына катышты.

1553410
Индиянын алгачкы айдоочусуз метро багыты ачылды

Индияда биринчи айдоочусуз метро багыты ачылды.

Премьер-министр Нарендра Моди видео-конференция аркылуу Нью-Дели метросунун Мажента каттамында иштеген линиянын ачылышына катышты.

Моди: «Биринчи айдоочусуз метро линиясынын ачылышы Индиянын акылдуу тутумдарда канчалык тез өнүгүп жаткандыгын көрсөтүп турат»,- деди.

Индиянын премьер-министри ошондой эле 2014-жылы өлкөнүн 5 шаарында гана метро линиялары болгонун, бүгүнкү күндө 18 шаарда метро линиялары иштей тургандыгын айтты.

 



Тектеш кабарлар