Мексикада киттердин «3 тумшуктуу» түрлөрү табылды
Өткөн айда Sea Shepherd аттуу жаратылышты коргоо уюмунун окумуштуулары Сан-Бенито аралына жакын жерде тумшуктуу үч китти байкагандыгын CNN билдирди
Мексикада киттердин жаңы «3 тумшуктуу» түрлөрү табылды.
Өткөн айда Sea Shepherd аттуу жаратылышты коргоо уюмунун окумуштуулары Сан-Бенито аралына жакын жерде тумшуктуу үч китти байкагандыгын CNN билдирди.
Окумуштуулар киттерди сүрөткө тартып, алардын сүрөттөрүн жана суу астында чыгарган акустикалык сигналдарын жазып алышкан.
Изилдөөчүлөр Густаво Карденас Хинохоса, Жей Барлоу жана Элизабет Хендерсон; Фотосүрөттөрдү, видеолорду жана үн жазууларын карап чыгышкандыгын белгилеп, бул 3 киттин сырткы көрүнүшү жана үндөрү башка кит түрлөрүнөн айырмаланып турарын айтты.
Киттердин жаңы түрүн тапкандыгына дээрлик толук ишенишкендиктерин айткан изилдөөчүлөр, аймактан алган суу үлгүлөрү лабораторияда анализдене тургандыгын билдиришти.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.