Ковид-19дун бир мутациясы вирусту дагы жугуштуу абалга келтирген болушу мүмкүн
Жыйынтыгы mBIO журналына жарыяланган изилдөөнүн алкагында 5 миңден ашуун бейтап Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Техас университетинин адистери тарабынан текшерүүдөн өттү.
Коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) генетикалык мутациясы вирусту дагы жугуштуу кылган болушу мүмкүн.
Жыйынтыгы mBIO журналына жарыяланган изилдөөнүн алкагында 5 миңден ашуун бейтап Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Техас университетинин адистери тарабынан текшерүүдөн өттү.
Ковид-19ду жугуштуу кылат деп божомолдонгон жана адамдын клеткаларын вирустун киришине ачуучу учтуу белокто болгон D614G деп аталган генетикалык мутациянын жаңы коронавирус эпидемиясынын биринчи толкунунда аныкталган изилдөөдө, бул генетикалык мутация Хьюстондогу бейтаптардын 71 пайызында табылган. Экинчи толкунда 99,9 пайызга чейин жогорулаганы байкалган.
Илья Финкельштейн, изилдөө тобунан, изилдөө «вирустун мутациясы кокустук генетикалык өзгөрүүлөр» экендигин көрсөттү деп билдирди.
Жалпысынан 285 мутацияны аныктаган топ, алардын көпчүлүгү оорунун катуу жүрүшүнө олуттуу таасир эткен эмес деп түшүндүрүштү.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.