Эң узун убакыт жашаган сиам эгиздери каза болду

Дүйнөнүн эң узун убакыт жашаган сиам эгиздери Ронни менен Донни Галион 68 жашында каза болушту.

1450964
Эң узун убакыт жашаган сиам эгиздери каза болду

Дүйнөнүн эң узун убакыт жашаган сиам эгиздери Ронни менен Донни Галион 68 жашында каза болушту.

Ронни менен Донни бир туугандар 1951 -  жылы АКШнын Огайо аймагында төрөлгөн.

Аталары дарылоого кеткен чыгымды камсыз кылуу жана үй  - бүлөсүн багуу үчүн кызыгууларды тарткан эгиздерди түрдүү иш чараларга алып барды.

Көптөгөн иш чараларга катышкан эгиздер 1991 -  жылы пенсияга чыгышты.

2010 -  жылы ден соолуктары начарлаганга чейин жалгыз жашаган  Ронни менен Донни бир туугандар Дайтондо чогулган жардамдар менен жашап жатышкан.

2014 -  жылы 63 жашында «дүйнөнүн эң картаң эгизи» деген наамды алган Ронни менен Доннинин жашап жаткан картаңдар үйүндө каза болгону билдирилди.  



Тектеш кабарлар