Дүйнөдөгү эң ылдам иштеген компьютер "Фугаку" болду

Жапониялык "Фугаку" суперкомпьютери TOP500 тизмесинде биринчи орунду ээледи.

1441899
Дүйнөдөгү эң ылдам иштеген компьютер "Фугаку" болду

 

Жапониялык "Фугаку" суперкомпьютери TOP500 тизмесинде секундуна 415 петафлоп ылдамдыгы менен дүйнөдөгү эң ылдам компьютер деп табылды.

Fujitsu A64FX SoC чипи колдогон "Фугаку" Top Performance LinPack (HPL) ылдамдык көрсөткүчтөрүнө негизделген жана жылына эки жолу жаңыртылат.

Электроника гиганты Fujitsu тарабынан каржыланган Фугаку суперкомпьютери Кобе шаарындагы Рикагаку изилдөө институтунда (RIKEN) иштейт.

2021-жылы толук функционалдык деңгээлге жетиши күтүлүп жаткан Фугаку жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19) каршы вакцина жана дары препараттарын изилдөөдө колдонулушу мүмкүн экендиги белгиленди.

Фугаку жапон тилинде "бай саммит" дегенди билдирет.

АКШнын Теннесси штатындагы  Оак Ридждеги Улуттук лабораториясында IBM каржылаган Summit суперкомпьютери 148,8 петафлоп көрсөткүчү менен тизмеде 2-орунду ээледи.

Тизменин жогору жагында Калифорния штатындагы Лоуренс Ливермор улуттук лабораториясында (LLNL) иштеген 94,6 петафлоп ылдамдыктагы Сьерра турат.

Кытайдын Параллелдик Компьютердик Инженерия жана Технологиялар Улуттук Изилдөө Борборунун (NRCPC) Sunway TaihuLight 93 петафлоп менен 4-орунду ээледи.

Тизменин 5-орунунда болсо Кытайдын Улуттук коргоо технологиялары университетинин (NUDT) 61,4 петафлоп аткаруусу менен Tianhe-2A болду.



Тектеш кабарлар