Үйүнүн астынан 120 жылдык туннель тапты

Британияда карантинден тажаган адам үйүнүн астынан 120 жылдык туннелди тапты.

1411163
Үйүнүн астынан  120 жылдык туннель тапты

Британияда карантинден тажаган адам үйүнүн астынан 120 жылдык туннелди тапты.

Плимутта жашаган Джейк Браун коронавирустан улам убакыт өткөргөн үйүндө кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чечим чыгарды.

Дубалдарынын бирөөсүнүн айырмаланып тургандыгын көргөн жана дубалды тешиген Браун тешиктин артында кенен жана бош бир аянттын бар экендигин байкады.

Бул жердин туннель экендигин түшүнгөн Браун иликтөөсүндө 1900 – жылдардын баштарынан калган боёк кутулары менен 1964 -  жылы чыккан бир гезит тапты. Ушул боюнча Браун тарыхчы досу Ричард Фишер менен байланышып болгондорду айтып берди.

Ричард болсо ал жердин ошол учурда "Windridge Hill" деп аталган бир жер болгонун белгилеп үйлөрдүн жертөлөө сыяктуу аянттар менен курулгандыгын айтты. Ричард бул сыяктуу жерлердин кийинчерээк шарап сактоочу жерлерге ал түгүл үңкүр моделиндеги мончолорго айландырылгандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар