Дүйнөдө 50 миллиондон ашуун киши жеринен ажырады
Борбору Швейцарияда орун алган Өлкө ичинде жеринен ажырагандарды байкоо борбору (IDMC) «Өлкө ичинде жеринен ажыроонун глобалдык отчетун» жарыялады.
Дүйнөдө кагылышуу, зомбулук жана апааттардын себебинен жалпы 50,8 миллион киши, өлкө ичинде жерлеринен ажырады.
Борбору Швейцарияда орун алган Өлкө ичинде жеринен ажырагандарды байкоо борбору (IDMC) «Өлкө ичинде жеринен ажыроонун глобалдык отчетун» жарыялады.
Отчетто жалпы 50,8 миллион кишинин өлкө ичинде жерлеринен ажыроосуна себеп болгон кагылышуу, зомбулук жана апаат сыяктуу себептерге жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын да кошула турганын эскертти.
IDMCнин отчетунда Мозамбик, Малави, Мадагаскар, Зимбабве, АКШ, Канада, Бангладеш жана Индияда бороон-чапкындардын, Түштүк Суданда болсо сел апаатынын 2019-жылы жерлеринен ажыроого себеп болгонун белгиленди.
Отчетто, Сирия, Демократиялык Конго Республикасы жана Эфиопияда бирден миллиондон ашуун кишинин кагылышуу жана зомбулуктун себебинен өлкө ичинде жерлеринен ажыраганын баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.