Орусия менен АКШнын ортосунда космостук булактарды колдонуу боюнча чыңалуу...
Орусиянын Мамлекет башчылык сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Трамптын космостогу булактардын колдонулушу боюнча токтому тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
АКШнын президенти Дональд Трамптын космостогу суу жана кен булактарынын жеке менчик фирмалар жана жеке кишилер тарабынан колдонулуусуна уруксат берген токтомго кол коюусуна Орусия каршылык көрсөттү.
Орусиянын Мамлекет башчылык сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Трамптын космостогу булактардын колдонулушу боюнча токтому тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Укуктук жактан бул токтомдун деталдары иликтениши керектигин баса белгилеген Песков: «Космостун менчиктештирилишине карай эч бир демилге кабыл алынгыс»,-деп айтты.
АКШнын президенти Дональд Трамп, кечээ Ай жана космостогу башка учуп жүргөн нерселерде табылган суу жана кендерден жеке менчик космостук демилге жана изилдөөлөрүн колдоо үчүн пайдалануусун көздөгөн токтомго кол коюлган болчу.
Бул токтом космостогу булактардын жеке менчик фирмалар жана жеке кишилердин пайдалануусунун жолун ачууда.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.