Башты трансплатациялоо 10 жылдын ичинде мүмкүн боло алат

Адистер дүйнөнүн биринчи баш трансплатациясынын  10 жылдын ичинде аткарыла аларын ортого салышты.

1328324
Башты трансплатациялоо 10 жылдын ичинде мүмкүн боло алат

Адистер дүйнөнүн биринчи баш трансплатациясынын  10 жылдын ичинде аткарыла аларын ортого салышты.

Daily Mailнин кабарына караганда  Британияда Халл университетинин ооруканасында роботтук адиси жана нейрохирург Брюс Мэтью роботтук хирургия, клетка жана нерв операциясындагы өнүгүүлөр менен мээ жана жүлүн трансплатациясынын аткарыла аларын айтты.

The Telegraphка маалымат берген Мэтью ыктымалдуу операция тууралуу : «Эгерде мээ трансплатациясы кылсаңар жана мээ менен жүлүндү бирге кармай алсаңар бул негизинен мүмкүн болбогон нерсе эмес. Жүлүндү чыгара турган болсоңуз мээнин баарын, жүлүндү жана бел бөлүгүн башка бир денеге жайгаштыра аласыңар»,- деди.

Мэтью өлүктөрдө баш трансплатациясынын мындан мурда жасалгандыгын эске салды.

Илимпоздор 2017 -  жылы кичинекей бир чычкандын башын чоңураак бир чычканга жайгаштырып дүйнөдөгү биринчи чычкан башы трансплалатцияланган. Физиологиялык  жактан майып болгон орусиялык Валерий Спиридонов болсо 2 жыл мурда дүйнөнүн биринчи баш трансплатациясы үчүн ыктыярдуу болгон.   



Тектеш кабарлар