Дүйнөнүн эң ири бешинчи алмазы чыгарылды

910 караттык алмаз Африкада табылды.

889290
Дүйнөнүн эң ири бешинчи алмазы чыгарылды

Түштүк Африка өлкөлөрүнөн Лесотодогу Лестенг алмаз кенинен дүйнөнүн эң ири бешинчи алмазы чыгарылды.

Кенди иштеткен Англия борбордуу Gem Diamonds компаниясы, алмаздын 910 карат жана 40 миллион доллар наркында экенин билдирди.

Ишкананын жетекчиси Клиффорд Эльфик билдирүүсүндө, аты аталган алмаздын эң тунук алмаздардын түрү болгон «Д» түрүнөн болгонун жана көлөмү жагынан өтө сейрек кездешүүчү бөлүк экенин айтты.

Эльфик: «Бул сезондо кенден чыгарылган алмаз дүйнөдөгү эң ири бешинчи алмаз болуп саналат. Кенден 2006-жылы 603 караттык, 2015-жылы болсо 357 караттык башка алмаз чыгарганбыз»,-деди.


Этикеткалар: #кенинен , #алмаздардын

Тектеш кабарлар