Сынгандан кийин кайра калыбына келе алган айнек иштелип чыкты

Изилдөө «Science» журналында жарыяланды

869252
Сынгандан кийин кайра калыбына келе алган айнек иштелип чыкты

Японияда сынгандан кийин кайра калыбына келе алган айнек өндүрүлдү.

Токио университетинен бир изилдөөчү топ, сынгандан кийин бөлмөнүн температурасында анын сынган жеринин үстүн басып туруу аркылуу мурунку абалына айландыра алган айнек затын ойлоп табышты.

Изилдөөчү топ, жаңы клей боюнча иштеп жатканда капыстан өзүн-өзү оңдой алган жарымы тунук полимер иштеп чыгышты.

Изилдөөгө караганда бул зат менен жасалган айнек, сынса деле бөлмөнүн температурасында анын сынган бетин бир канча секунд басып турганда мурунку абалына айланат.

Изилдөөчүлөр бул зат менен жасалган айнектин 28 градустук жылуулукта 1 саат кыстыруу аркылуу кайра калыбына келтирилсе болоорун белгилешти.

Бул заттын унаалардын айнектери сыяктуу жерлерде колдонулушунун чыдамдуулук жана коопсуздукту арттырышы мүмкүн экени айтылууда.

Изилдөө «Science» журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар