Дүйнөгө таанымал эки алмаз
Королдордун таажыларына көрк кошкон алмаздар сатылды
847949
Швейцариянын Женева шаарындагы бир аукцион үйүндө, Франция королдорунун таажыларына көрк кошкон «Ла Гранд Мазарин» аттуу 19 караттык күлгүн түстөгү алмаз, 14 миллион 500 миң долларга сатылды.
Сатып алуучунун аты-жөнү билдирилген жок.
Түштүк Индиянын Голконда аймагындагы байыркы кенден чыгарылган алмаз, 1661-жылы Франциянын королу 14-Луиске белек кылынган жана ошол күндөн бери француз монархиясында көптөгөн ысымдын таажысында орун алган.
Ушул эле аукциондо 2016-жылы Анголада чыгарылган жана Америкада иштетилген 163 караттык, дүйнөнүн эң чоң ак түстүү алмазы да 33 миллион 700 миң долларга сатылды.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.