Эң көп кыдырылган төрт түрк шаары

Төрт түрк шаары «Дүйнөдө эң көп кыдырылган 100 шаар» тизмегинде орун алды

843940
Эң көп кыдырылган төрт түрк шаары

Стамбул, Анталья, Эдирне жана Артвин эл аралык изилдөө компаниясы «Euromonitor International» тарабынан даярдалган «Дүйнөдө эң көп кыдырылган 100 шаар» тизмегинде орун алды.

Англиянын борбор шаары Лондондо өткөрүлгөн Дүйнөлүк туризм жарманкесинин алкагында жарыяланган тизмеде, өткөн жылкы 21 миллион 200 миң турист менен Гонконг биринчи орунду ээледи.

Таиланддын борбор шаары Бангкок 19 миллион 200 миң киши менен экинчи орунду ээлесе, Англиянын борбор шаары Лондон  12 миллион 290 миң турист менен үчүнчү болду.

2016-жылдагы саякаттардын көрсөткүчтөрү боюнча даярдалган тизмеде Стамбул да 9 миллион 174 киши менен 15-орунду ээледи. Тизмеде 29-орунда 6 миллион 100 миң турист менен Анталья, ал эми 68-орунда 2 миллион 800 миң турист менен Эдирне, 85-орунда да 2 миллион 400 миң турист менен Артвин турат.

Бул учурда отчеттогу көздөөлөргө караганда 2020-жылы Стамбулду 9,5 миллион, Антальяны 7 миллион, Эдирнени 3 миллион жана Артвинди да 2,8 миллион киши кыдырышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар