Стамбулда «Люкс такси» мезгили башталууда

Күн сайын миңдеген жергиликтүү жана чет элдик туристтерге кызмат көрсөтө турган таксилерде кардарлар үчүн бардык нерсе ойлонулган

805054
Стамбулда «Люкс такси» мезгили башталууда

Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда такси кызматында жаңы мезгил башталат.

«Ататүрк» аэропортунун таксичилер кооперативи жүргүнчүлөрдүн кызматына жаңы унааларды тартуулоого даярданууда.

Күн сайын миңдеген жергиликтүү жана чет элдик туристтерге кызмат көрсөтө турган таксилерде кардарлар үчүн бардык нерсенин ойлонулганын билдирген «Ататүрк» аэропортунун таксичилер кооперативинин жетекчиси Фахреттин Жан: «Бул унааларда телевизор, компьютер жана интернет болот. Навигация болот, жүргүнчү кайсы жерге канча акчага барганын көрө алат. Жол картасы болот, Стамбулдагы тарыхый жерлер туурасында маалыматтар орун алат»,-деди.  



Тектеш кабарлар