Индияда жаңы төрөлгөн бөбөктүн ичинен эгизи чыгарылды
Индияда бир бөбөктүн жаңы төрөлгөндөн кийин курсагында эгизинин бар экендиги байкалды.
Индияда бир бөбөктүн жаңы төрөлгөндөн кийин курсагында эгизинин бар экендиги байкалды. Операция менен чыгарылган эгизинин ден соолугунун жакшы экендиги билдирилди.
БиБиСи түркчөнүн билдиргенине караганда Мумбра шаарындагы бир ооруканада иштеген радиологдор текшерүү учурунда 19 жашта төрөгөн эненин бөбөгүнүн курсагында күтүлбөгөн массанын бар экендигин байкаган.
Дарыгердер төрөттөн кийин курсагында бир кол менен мээнин бар экендигин көрүштү. Эгиз ийгиликтүү операция менен чыгарылды. Медицинада буга «түйүлдүктүн ичинде түйүлдүк» деп аталат. Аз кездешкен мындай абалдарда бөбөктүн ичинде паразит түйүлдүк өсөт.
Дарыгерлер андан мурда ушуга окшогон 200 окуянын болгондугун, бул абалдын чоң кишилерде да болушу мүмкүн экендигин жана көптөгөн жылдардан кийин байкалышы мүмкүн экендигин айтышууда.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.