Итке салам бергенди үйрөткөндүгү үчүн соттолот

Шотландияда тамаша иретинде сүйлөшкөн кызынын итине нацисттик салам берүүнү үйрөткөн жигит,  жек көрүүчүлүк кылмышы менен айыпталууда.

783184
Итке салам бергенди үйрөткөндүгү үчүн соттолот

Ланаркшайр шаарынын тургуну Марк Мичанге итке үйрөткөн нацистче салам берүү видеосун социалдык тармакка жарыялагандан кийин,  еврейлерге каршы видео жарыялагандыгы, коркуу жана тынчсызданууну жараткандыгы жана ошондой эле жек көрүү сезимин шыкактаган  материал бөлүшкөндүгү боюнча кылмыш иши козголот.

Антсе да өз дарегине келген айыптарды четке каккан, еврейлерге каршы болбогонун же расист  болбогонун, эч кимди жек көрбөөрүн айткан Мичан, сүйлөшкөн кызын ачууландыруу үчүн итке нацисттик  салам берүүнү үйрөткөнүн түшүндүрдү.

Болжол менен үч миллион жолу көрүлгөн видеодо “Будда” аттуу ит, нацисттик салам берүү менен шыйрагын көтөрөт. Видеодо өзгөчө итке нацисттердин лидери Адольф Гитлердин сүйлөгөнүнүн үзүндүлөрү тасмадан  көрсөтүлгөнү кездешет.

Мичандын келерки жылы сот отурумунда жооп берери күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар