Куурчак фестивалы аяктады

Бул фестиваль өткөн жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген болчу.

695034
Куурчак фестивалы аяктады

Испаниянын Валенсия шаарында уюштурулган Лас-Фальяс фестивалы, шаардын борборундагы чоң куурчактардын өрттөлүшү менен аяктады.

Чебер усталар 1 жыл бою аракет кылып жасаган жана шаардын борборунун 30 башка жерине коюлган «Ла Фалья» аттуу чоң куурчактар 1 жума көрсөтүлгөндөн кийин бир-бирден өрттөлдү.

Мексика менен АКШ чек арасына дубал тургузууну каалаган АКШнын президенти Дональд Трампты дубал тургузуп жатканда же Европа Биримдигинин баш калкалоочуларга карай саясатынан улам сындалган Германиянын канцлери Ангела Меркелди «Европа отелинде» кабыл алуу башчысы катары көрсөтүлгөн чоң куурчактар, фестивалга келгендер эң көп фотосүрөткө түшкөн фигуралар болду.

Бул фестиваль өткөн жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген болчу.



Тектеш кабарлар