Стамбулду бир данектин ичине сыйдырды
Түрк чебери Хасан Кале ашкабактын данеги, фасоль жана күрүчкө Стамбулдун көрүнүшүн түшүрдү.
Көркөм өнөрчү Хасан Кале Стамбулду бир данектин ичине сыйдырды.
Ушул күнгө чейин 350гө жакын микро объектиге чагылдырган сүрөттөрү менен «Анжир данегин толтурган адам» катары таанымал болгон көркөм өнөрчү Хасан Кале, эми болсо ашкабактын данеги, фасоль жана күрүчкө Стамбулдун көрүнүшүн түшүрдү.
Кичинекей нерселердин бетине сүрөт тартуу искусствосу менен алектенген Кале, кээде ийненин учуна, кээде да кивинин данегине түшүргөн сүрөттөрү менен таанымал болууда.
Акыркы эмгегинде ашкабактын данеги, фасоль жана күрүчтөр бириктирилип, үстүндө кемелер сүзүп жүргөн деңизден мечиттерине ал эмес учуп жүргөн кушктарына чейин чагылдырылган Стамбулдун панорамасы көздүн жоосун алат.
Түрк чебери катары өлкөнү чет өлкөдөдө да өкүлдүк кылган Кале, келээрки айда Шотландия, Дубай жана Нью-Йорктогу микро искусство жарманкесине катыша турганын айтты.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.