Отко күйгүс жана суюктукта эзилгис кагаз

Кытайлык илимпоздор отко күйгүс жана суюктукта эзилгис кагаз ойлоп табышты.

657626
Отко күйгүс жана суюктукта эзилгис кагаз

Кытайлык илимпоздор кагаздын түзүлүшүн отко күйгүс жана суюктукта эзилгис кылып алмаштырды.

Гонконгдо чыгуучу «South China Morning Post» гезитинде орун алган кабарга караганда Шанхай Керамика институтунун илимпоздору, кагаздын түзүлүшүн өзгөртүш үчүн «hidroksiapatit» деп аталган жана жаныбарлардын тишинин кабыгында жана сөөктөрүндө орун алган кандайдыр бир түрдөгү калцийди колдонушту.

Өнүктүрүлгөн кагаздын түрүнүн 200 градустук отко салса күйбөгөнү, ар түрдүү суюктуктар төгүлсө да эзилбей турганы белгиленди.

Изилдөөчү топтун лидери Чжу Ин Цзе, өндүрүлгөн кагаздардын калиграфиядан реклама панелдерине чейин ар түрдүү тармактарда колдонула ала турганын баса белгиледи.

Кагаздын бетиндеги жазуулары өчпөстөн суу менен жуула ала турганына көңүл бурган Чжу: «Бул кагаз маанилүү документтердин кылымдар бою сакталышын камсыздайт, анткени кандайдыр бир өрт чыгып же суу каптаган учурунда жок болбойт»,-деп айтты.

Бул долбоор боюнча 2008-жылдан бери иштеген топтун товарды алдыдагы 3 айдын ичинде базарга чыгарышы пландалууда.



Тектеш кабарлар