Дүйнөнүн эң чоң радио телескобу Кытайда курулду

«Тиенйен» (Асман көзү) деп аталган жана 1200 миллион юанга (180 миллион доллар) жасалган радио телескобу, космостогу жашоону белгилеш үчүн иштейт.

577463
Дүйнөнүн эң чоң радио телескобу Кытайда курулду

Кытай, космостогу жашоону изилдөө максатында жасап чыгарган дүйнөнүн эң чоң радио телескобун ишке киргизди.

Өлкөнүн расмий кабар агенттиги Синхуа диаметри 500 метрге жеткен глобалдык Диафрагма радио телескобунун Гуижо провинциясындагы Пингтанг районунда кызматын баштаганын жарыялады.

«Тиенйен» (Асман көзү) деп аталган жана 1200 миллион юанга (180 миллион доллар) жасалган радио телескобу, космостогу жашоону белгилеш үчүн иштейт.

2011-жылы курула баштаган Асман көзүнүн дагы туура жана бекем радио сигналдарын ала алышы үчүн орун алган аймагынын 5 км айланасында жашаган орто эсеп менен 8 миң киши, башка аймактарга көчүрүлдү.

Ал жерден көчүрүлүшү талап кылынган элдин чыгымдарын төлөп берүү үчүн мамлекеттик фонддон 269 миллион доллардык каражат бөлүндү.

Тиенйен Порто Рикодогу диаметри 300 метрдик Areciboдон ашып дүйнөнүн эң чоң радио телескоу болсо, өлчөө ылдамдыгы да Areciboдон 10 эсе дагы ылдам...

Пекин бийлиги бул максатына жеткен учурунда АКШ жана Орусиядан кийин космостук станция курган үчүнчү өлкө болот.

Пекин бийлиги бул максаты боюнча 15-сентябрда космостук модулу  Тиенгонг-2ни (Асман сарайы-2) орбитага учурган.

Асман сарайы-2 алдыдагы айда учурулушу пландалган космос спутниги Шинжоу-11 менен орбитада биригет.

Кытай космос проектинин алкагында келээрки эки жылдын ичинде Марска да бир миссия жөнөтүүнү пландап жатат.



Тектеш кабарлар