Күлтепе Каниш/Карум үңкүрүнөн жарыкка чыккан табелдер

Чопо табелдер Анадолу аялдарынын 4 миң жыл мурда башкаруу жана соода-сатыкта орду чоң болгонун көрсөтүп турат.

572546
Күлтепе Каниш/Карум үңкүрүнөн жарыкка чыккан табелдер

Кайсериде орун алган Күлтепе Каниш/Карум үңкүрүндөгү казуу иштеринде жарыкка чыгарылган чопо табелдер Анадолу аялдарынын 4 миң жыл мурда башкаруу жана соода-сатыкта орду чоң болгонун көрсөтүп турат.

Аймакта 1948-жылы баштатылган системалуу казууларда ушул убакка дейре 23 миң 500 таякча жазуулуу табелдер жарыкка чыгарылды.

2014-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген бул табелдердин эң маанилүү өзгөчөлүктөрү, соода, экономика мазмундуу болушу.

Ал мезгилде акча болуучу бардык нерсе катталышынын себебинен күнүмдүк турмушка, социалдык турмушка байланыштуу көрсөткүчтөр орун алган.  Табелдерде баш кошуу, ажырашуу, бала асыроо, сот чечимдери сыяктуу бир топ социалдык турмушка байланыштуу көрсөткүчтөр орун алган.

Чопо табелдерде 4 миң жыл мурда Анадолуда аялдардын да соода менен алектенгени документтештирилген. Ал эмес бирөөнүн бул жерде аласасын ала албаганы үчүн миң км аралыктагы Асур шаарына чейин барып укугун издегени, сотко чыкканы чопо табелдерде жазылган.

Аял коомчулук ичинде да таасирдүү жана сөз ээси. Соода жана мамлекеттик келишимдердин бекитилишинде Анадолу королунун мөөрү менен кошо канышанын да мөөрү керек.



Тектеш кабарлар