Түркиядагы кыргыздар Изниктеги күмбөзгө барышты (фотосүрөт)

Кыргызстан достук жана маданият коому Түркиянын Изник шаарынын чебин алууда курман болгон баатыр ата-бабалардын арбактарына багыштап куран окутту.

492045
Түркиядагы кыргыздар Изниктеги күмбөзгө барышты (фотосүрөт)

2016-жылдын 15-май күнү Кыргызстан достук жана маданият коому Түркиянын Изник шаарынын чебин алууда курман болгон баатыр ата-бабалардын арбактарына багыштап куран окутту. Атайын коомдун уюштуруусу менен өткөн иш чарага Түркиянын борбору Анкара шаарынан, Стамбулдан жана Бурсада окуп - иштеп жүргөн кыргыз боордоштор келип катышты. Негизинен Кыргыздар күмбөзүнө жергиликтүү эл куран окуп, сыйынууга абдан көп келишет. Бул жылы 150дөн ашык кыргыздар келип, күмбөзгө сыйынышкандан кийин, Изник көлүнүн жээгинде орун алган сейил бакка дасторкон жайып, кой союп кадимки кыргыздын салт санаасы менен улуттук даамыбыз болгон боорсок бышырып, казанга эт, самоорго чай кайнатышып ак дасторкон четинде жылуу маек куруп, Мекенге, эли жерине болгон кусалыктан бир аз да болсо арылышты. Ошондой эле улан-кыздар аркан тартышып, кол күрөш, волейбол сыяктуу оюндарды ойношуп, улуулар омоктуу ойлорун, акыл насаат-кеп кеңештерин жаштарга айтып олтурушту. Коомдун башчысы Айбек Сарыгуловдун айтымында ушул сыяктуу иш чаралардын максаты – Түркияда жүргөн кыргыздарды бири-бири менен жакындатып, алардын арасындагы ынтымакты бекемдөө жана кыргыздын дөөлөттүү нарк – насилдерин муундан-муунга татыктуу өткөрүп берүү. Маалыматка ылайык, Түркия мамлекетинин Бурса областындагы Изник көлүнүн жээгинде чакан Изник шаары бар. Ал көп доорлордун маданиятын камтыган тарыхы менен белгилүү. Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын жанында бир күмбөз бар. Ал күмбөздү жергиликтүү калк «Кыргыздар күмбөзү» деп коюшат. Бул күмбөз кыргыздарга кандайча таандык болуп калгандыгы тууралуу тарых барактарында мындайча баяндайт. Тээ илгерки заманда Кыргыз эли Улуу Жибек жолун абдан мыкты билген. Кытайдан баштап Египетке чейинки жолдорду билгендиктен, бул жолдордо кыргыз баатырлары соодагерлер менен бирге келип кетип жүргөн. Анадолуда жашаган башка бийликтерге каршы согуш болуп, Изник чебин алууга кыргыз туугандары да келип катышат. Кыргыз баатырлары Изник чебин алууда курман болушуп, булардын түрк элине жасаган эрдиктерин унутпаш үчүн Орхан Гази тарабынан Күмбөз курдурулат. Биринчи күмбөздү Жети бир туугандар деп аташат, андан кийин Кыркыздар, кийин болсо Кыргыздар күмбөзү деп аталып калган. 2006-жылдары Кыргызстандан алынып келинген айкелди күмбөздүн алдына коюшкан.



Тектеш кабарлар