"Курманжан Датка" түрк расмийлеринин сүймөнчүгүнө ээ болду

"Курманжан Датка" Анкара шаарында көрсөтүлүп түрк расмийлеринин сүймөнчүгүнө ээ болду.

156701
"Курманжан Датка" түрк расмийлеринин сүймөнчүгүнө ээ болду

Ак менен каранын, адилетсиздик менен абийирдүүлүктүн, баатырдык менен чыккынчылыктын кагылышын таамай чагылдырып, көрүүчүлөргө руханий рахат тартуулаган тасма мекенге болгон сезимди ойготту. Улуттук маданий жетишкендик катары бааланган фильмди көрүүнү көксөгөндөр Анкарада арбын чогулду. Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов студенттердин өтүнүчү орундалганын белгилейт.
Фильмди тартууга салымы бар ишмерлер бул тасманы чет өлкөлөрдө жалгыз Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн жетишкендиги катары кабылдап жатышканын белгилешет. Кыргыз тилинде болсо да дилинде туюп, түшүнгөн Түркиянын расмий адамдары киного жогору баа беришти. Көркөм тасмага күбө болгон боордош түрк элинин өкүлдөрүнүн катарында парламент депутаты Мустафа Эрдем жана Кыргызстандын ардактуу консулу Мустафа Курт болду.
Кыргызкинематографиясынын жетишкендиги катары саналып, дүйнөнүн ар тарабында көрсөтүлүп жаткан көркөм тасма бир катар эл аралык сынактардан олжолуу кайтууда. Маселен, Башкортостандагы «Акбузат» фестивалында «Элдин тарыхын чеберчилик менен чагылдыргандыгы үчүн» атайын сыйлыкка татып, эң мыкты операторлук эмгек да көз жаздымда калган эмес. Ал эми Кытайдын Сиань шаарындагы саамалыкта элдин купулуна толгон тасма деп табылган эле. Кайсы мамлекеттеги кинотеатрларда көрсөтүлбөсүн орундуктар кыргызстандык жарандарга толуп жатат. Жергиликтүү көрүүчүлөрдү да тартыш үчүн фильмди ошол элдин тилине которуу зарылчылыгы турат. «Курманжан Датка» фондунун төрайымы, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошова түрк тилине которууга аракет көрүлөөрүн белгиледи.
Фильм мамлекеттин колдоосу менен тартылып, 70 миллион сом сарпталган. 31-август эгемендүүлүк күнүнөн берки көрсөтүүлөрдөн түшкөн киреше анын 30 пайызын түзөт. Режиссеру Садык Шер-Нияз. Анкарадагы мекендештер тасманы кайталап көрсөтүү керек экенин өтүнүштү. Кинодогу каармандардын ролдорун аткарган ишмерлер жана аларды коштоп келген делегация андан ары Стамбул шаарына сапар тартышты. Курманжан Датканын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында жасалган аракеттер аталган көркөм фильмди тартуу менен эле чектелбейт. Буга чейин даңазалуу инсан тууралуу китептер басылып чыгып, даректүү тасма да жарык көргөн. Ошондой эле датканын атындагы маданий комплекс курулууда.
КТРКнын 1-Радиосунун кызматкери Калыгул Асамбаев
ТРТнын Түркия үнү радиосу үчүн


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар