КТРКнын кызматкерлери "Анадолу цивилизациялар" музейинде

КТРКнын кызматкерлери "Анадолу цивилизациялар" музейинде

204114
КТРКнын кызматкерлери "Анадолу цивилизациялар" музейинде

Анкара шаары ар кандай тарыхый жерлерге абдан бай. Алардын дагы бири «Анадолу цивилизациялар музейи».
1921-жылы уюушулган байыркы музейлерден. Кемал Ататүрк маданият, искусствого басым жасап, «...биздин тарых жалаң көркөм мурастарда»- деген. Анын кийлигишүүсүндө музей кеңейтилип, жаңы имарат курулуп, түркиянын ар кайсы жеринен экспонаттарды чогултушуп, изилдеп, байыркы Хетт шаарынан жана башка шаарлардан ар кандай буюмдарды музейге алып келишкен. Музейде неолит, коло доорундагы, Ассирия цивилизациясынын, урарту, хетт, фригийлер, байыркы римдиктер, гректер, византия, Осмон империясы учурундагы коллекциялар коюлган.«Анадолу цивилизациясы» музейи «Европадагы жылдын мыкты музейи» деп 1997-жылы табылганы да бекер жеринен эмес.
Кире бериш экспозицияда биздин заманга чейинки 1200-700-жылдардагы «Аслан тепе ортостаты»- бир метрден бийик чегилген таштарда ошол мезгилдерде жашаган сүрөткерлердин ой туюму, кыялдары чагылдырылып, музейдеги таштар тигинен кыдырата коюлуптур. Малатиядан, Анкарадан, хеттердин борбор шаары Хаттуша азыркы Чорум шаарында таякча табелдерден алынган элестер... Ошол жылдарда чегилген арстандын сүрөтү, Илиянка дегендердин шамал теңиринин легендасы...
Андан ары Кабарчылар дубалы. Каркамыш Зазен б.з. чейинки 900-700-жылдары төөгө минип бара жаткан, кыска этектүү адам. Сол тарапта канатчан, куйруктуу чаян, куш аяктуу адам, балка менен чаап жаткан дагы бирөө.
Оң жакта адам түрүндөгү кудай. Канаттуу бука менен күрөш, Энкиду тарабынан кум бабанын өлтүрүлүшү, ортодогу фигураны кыйнап, башына канжар сайып жатышкан легенда... Сфинкс. Канаттуу атка кол салуу... Коргоочу арстан баштуу адамдар муштумдарын түйүп, күрөшкө даяр турганы. Сол жакта топоз. Ортодо бука адам. Арстан адам. Үч баштуу ажыдаар. Канаттуу арстандын башы. Өрүлгөн чачтуу адам. Аягында илбирстин буту ж.б...
Ошол доордогу ташка чеккен скульпторлордун фантазиясы, ой туюму. Кара күчтөрдү кандайдыр бир элестер менен бергени, жашоону, эмгекти чагылдырганы таштарда жазылган.
Мурда булардын баары ачык асман алдында жаткан экен. Кийин имарат салынып, реставрацияланып, жабык имаратка киргизилген. Музейдин экспозициясын көрүп, коргон чепти элестетип кетесиң. Андан кийинки бөлүмдөрү да жөн гана сервистик көркөмдүктү туудурбастан, маданияттуу өлкөнүн руханий дүйнө таанымын, коомдун дагы бир өзгөчө тармагынын гүлдөп турганын тастыктайт. Эң негизгиси музейди өзүңүз барып көрүп, байыркы доордогу искусство аркылуу тарыхтан маалымат алсаңыздар болот.


Жамила Маматова. ТРТ Түркия үнү радиосу үчүн,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. КТРК. Кыргыз Республикасы.

 

Сүрөттөрдүн толугун көрүш үчүн буга басыңыз!

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар