Кападокияга саякат-2

Кападокияга саякат-2

168619
Кападокияга саякат-2


Кападокияга биринчи келген адамга, алгач башка бир жомок дүйнөсүнө түшүп калгандай сезим келет. Табияттын кубулушунан жаралган кооз өлкө- Кападокиянын керемет дүйнөсү келген адамды өзүнө арбап алат. Өзүнүн сулуулугу, сырдуулугу менен керемет сезимдерге жетелеген ажайып дүйнө...

Кападокиядагы эң кызыктуу жайлардын бири бул жер астындагы шаар болду. Б.з.ч 3-кылымга чейин уланган дал ошол мезгилден бери карай бир топ элдердин отурукташуусуна шарт түзгөн шаар... Мында согуштан, балээ кырсыктардан өзүн коргогон миңдеген адамдардын баш калкалаганы айтылат. Шаар - укмуштуудай табышмакка бай... 10 кабаттуу жер астында оюлуп салынган шаарчанын 4 гана кабаты туристтерге көсөтүлөт. Андагы биринчи кабатындагы көптөгөн көрүстөн, жана сыйынуучу жайлар, үчүнчү кабатындагы кампалар, бөлмөлөр, төртүнчү кабатында жайгашкан азык түлүк сакталуучу муздак жер төлөлөр, ашканалар жана ошол кездердерге таандык буюм тайымдарды көргөндө байыркы доордогу элдин турмушу алардын бүтундөй жашоосу коз алдыңа элестейт. Кападокияны кыдырып чыгууга 1 күн эмес 1 жума дагы тардык кылат.

Кападокия - тарых катылган аймак. Бул сөз чындыгына аталган аймакка барып, андагы ажайып эстликтерди өз көзү менен көргөн адам гана ынанат. Арийне, андагы эчен кылымдарды карыткан табийгаттын таштан жасалган тарыхый айкелдери, тоо бооруна оюлуп жасалган үңкүрлөрү мезгилинде анда күн кечирген адамдардын аянычтуу жашоосунан кабар берет. Өзгөчө жер астынан орун алган Каймаклы жайы - өмүр бою көкүрөктө тумар сымал катыла турган сезимге кабылтат. Аны «Жер астындагы шаар» деп аташат экен жергиликтүү журт. Мындагы керемет көрүнүштөр кирген адамдын сезимин сыйкырлап, тээ атамзамандагы жер төлөөдөгү турмушка баштап барат. Бул жердин касиети ушунда катылып жаткан сыяктанат. Ошол кездеги эл баштарына мүшкүл иш түшүп, душмандардан жандарын аман алып калуу аракетин көрүшүп, дал ушул жер астында шаарча жасоого аргасыз болушкан. Мындагы «кара таш» өңүтүндө өзүнчү баян. Ал жылдын кайсыл мезгили болбосун муп-муздак бойдон cакталуу. Анын бетиндеги жайнаган чуңкурчаларга жараткандын амири менен суу толуп турганы кызыгууну жаратат.

Түркиянын чок ортосунда жайгашкан бул тарыхый жайды Түркиянын жүрөгү деп атап коюшат. Бул жер тарыхый өзгөчөлүгү менен айырмаланып, канча кылым мурунку христиан чиркөөлөрүнүн тарыхын чагылдырат. Кападокия бир караганда жайнаган козу карындарды элестеткен чоң кесек таштары менен таң калтырат. Бир нече кылым мурун жер астынан кайнап чыккан вулкандардан бүркүлүп чыккан, ээриген минералдык масса - кийинчерээк кудайдын керемети аркылуу, табияттын кубулушу менен кайталангыс скульптурага айланган.

Бүгүнкү күндөгү карт тарыхка айланган Кападокия - Невшехир, Кыршехир, Нигде, Аксарай жана Кайсери облустарына чейинки чөлкөмдү ээлейт. Ал айтылуу Жибек Жолунун даңазалуу өзөгү экени да көп нерседен кабар берет.

Айтор, Кападокияга келген адам бул жерден өмүр бою эстен кеткис таасир алары чындык.

Кадыр Калилов жана Гүлшан Кулматова Түркия үнү радиосу үчүн.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар