Түркиянын жаңы көз карашы-19

Өзгөргөн дүйнөдө Түркиянын жаңы көз карашы

488272
Түркиянын жаңы көз карашы-19

Көпчүлүккө белгилүү болгондой  орустун улуу  жазуучусу Лев Толстой  бала чагында бир туугандары менен ойноп жатып дайыма жоголуп кетчү экен. Ал дайыма жүгүрүп ойношкан балдардан артта калчу.  Ага сарсанаа болгон бир туугандарына, «Жоголгон жокмун жашыл талды издөөдөмүн» деп айтчу. Толстой үчүн жашыл тал адамзатты куткара турган, бакытка жана тынчтыкка жеткире турган  талисман болчу. Ал болсо ушул сыйкырдуу таякты табууга аракет кылган. Адамзаттын тагдырына жана келечегине жаңы жол көрсөтүү үчүн аракет кылган философ сыяктуу жаратылыш менен шайкеш  жашоонун мүмкүнчүлүгүн издеп жүргөн.

Адамзат табигат менен жанаша жашап турат. Чогуу, жанаша жашоо чындыгында табигый көрүнүш. Ал эми заманбап убактар муну мажбур кылууда. Чогуу жашоону табигый абал катары алып карасак эч кимди четке кага албайсын. Ал эми муну мажбурдуулук катары алып карасак мамилелер дагы башкача болот. Бул иштин ичине мажбур чыдоо сезими да кошулат. Мажбур чыдоого аргасыз болгон бирөө менен чогуу жашоо толугу менен эки башка темалар.

Улуттук  мамлекеттер, тарыхта мажбурлап мыйзамдуу чогуу жашоону көздөгөн саясий механизмди эгемендүү кылган. Жалгыз гана белгилүү этникалык түзүлүштөрдүн коллективдүү аң-сезими боюнча курулган саясий түзүлүштөр адамзатка чоң кыйынчылыктарды туудурууда. Улутчулдук тамыр жайгандан кийин этникадан тышкары бир тармактан «бөлөктү» аныктоо мүмкүн эместей абалга жетти. Ушундан улам да ар бир саясий долбоордун максаты этникалык маселелерге чечим чыгарууга мажбур.

Чогуу жашоо бир искусство болуп эсептелет. Саясат аткара турган долбоор  болуп саналат. Бул мүмкүнчүлүккө жетишүүнүн алгачкы кадамы болсо адамдын өзүнө кайтуусу менен башталат. Адам, башкага тийишкен учурда өзүн байкайт.

Толстойдун сөздүн башындагы талисманды таап таппаганы белгисиз, бирок бүгүнкү күндө ошол талисманга ар дайым муктаждык бар экени маалым. Анткени глобалдашуу дүйнөдө «бир типке айланууга» себепчи болот жана адамдарды жакындаштыргансып көрүнсө да байланыш айырмачылыктары да такталууда. Эми дүйнөдө болуп жаткан айырмачылыктар, интеллектуалдык алектенүүнү ойготуудан да ашып өтүп,  күнүгө туш боло турган фактыга айланды.

Түркия бул жаңы дүйнөгө тарыхый мурасы менен дагы көз карашы менен дагы салым кошо турган өлкө болуп эсептелет.

Анткени Түркия, заманбап дүйнөдө көрүнүп турган плюрализмден бир аз айырмаланган түзүлүшкө ээ. Бүгүнкү күндө айырмачылыктарды ичинде камтыган өлкөлөрдүн маанилүү бир бөлүгү өнөр жайлашуу менен бирге түзүлгөн көчтөн кийин бул түзүлүштөрүнө ээ болушкан. Ал эми Түркия тарыхый түрдө айырмачылыктарды ичинде камтыган бир түзүлүшкө ээ.

Коньядагы «Каратай»университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Мазхар Баглынын социалдык темага арналган баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар